9-декабрда Испания чемпиондугунун 15-турунда каталондук «Барселона» севилиялык «Бетисти» 2:1 эсебинде утуп, сезондогу 14-жеңишине жетишти. Жеңиш алып келген 2 голдун автору – аргентиналык Лионель Месси 2012-жылда Аргентинанын жана «Барселонанын» курамында расмий оюндардагы киргизген голдорунун санын 86га жеткирди. Эске салсак, 3 апта мурун ал 76 гол киргизген легендарлуу Пеленин рекордунан ашып түшкөн. Бул жолу Месси 1972-жылы 85 гол киргизип, календарлык жыл боюнча түбөлүктүү рекорд койгон германиялык Герд Мюллерди артка таштады. «Тирүү легенда» аталган Месси куттуктоолорго «мен үчүн рекорд эмес, команданын жеңиши маанилүү» деп кутулууда.