9-декабрда Лас-Вегаста белгилүү филиппиндик Мэнни Пакьяо менен мексикалык Хуан Мануэль Маркес 4-ирет кез келди. Буга чейин Мэнни 2 ирет жеңип, бир беттеште тең чыккандыктан, кадырлууларга берилүүчү устуканды жеп келген. Маркестин оңой жоо эместигин, аба жара ышкырган колдорунун күчүн Мэнни качан анын курмандыгына айланганда сезди окшойт. Беттештин тагдырын чечкен 6-раунд болду. Мэнни коргонууну унутары менен Маркес атаандашын тумшукка уруп, жер кучактатты. Бул «Жылдын мыкты нокауту» деп аталууга толук акылуу нокаут болду. Пакьяонун быйыл жазда америкалык Тимоти Брэдлиге жеңилгенин эске алсак, жыл ичиндеги экинчи, ал эми карьерасындагы 5-жеңилүүсү болуп калды. Буга чейин «Кезекте ким?» деген суроого гана жооп берип келген Мэнниге азыр көп суроолор бар: 4-беттештин кимге кызыгы бар эле? «Бүгүн-эртең бокстон кетем» деп жаткан 39 жаштагы Маркестен эмне үмүттөндүңүз? Же эртең кайра рингге чакырасызбы? Деги бокско кайтасызбы же мээлейди мыкка илесизби? 26 жашар Тимоти Бредлиден реванш аласызбы?