Азыркы кездеги куудулдар коюп жаткан сатираларды сын көз менен карап, бул жаатка мамлекет тарабынан көңүл бөлүнбөй жатканын айтып кейиди Күмөндөр Абылов. Аны менен катар жеке жашоосуна, чыгармачылыгына саресеп салып кайтты.
«КЫЗ БОЛУП КИЙИНИП ЖИГИТКЕ ЧЫККАМ»
– Мен бала кезимден эле абдан тамашакөй болуп, элдин көңүл чордонун ээлеп чоңойдум. Мектепте мугалимдер «сабак өткөнгө жолтоо болосуң» дешип мени так маңдайына, биринчи партага отургузуп коюшар эле. Ошондо да артымды бир карап класстын тең жарымын күлдүргөнгө үлгүрчүмүн. Кээде баракка бир нерсени жазып, артыма көрсөтүп койсом, баары каткырып жатып калышчу. Мындай мүнөзүмдүн айынан мугалимдерден көп эле тил уккам. Сабакта балдар өздөрүнчө күлүп калышса деле «дагы сен бирдеме кылдыңбы?» деп мени урушуп жатып калышчу.
Мектепте окуп жүргөндө жездемдин кызы шаардан келип калды. Ал бизден эки жаш кичүү эле. Анан балдардын ошол кыз жөнүндө сүйлөшүп жатышканын угуп, досторум менен биргеликте сценарий түздүк. Алар бир баланы ээрчитип келишмек, а мен кыз болуп чыкмакмын. Кеч да кирди. Мен жездемдин үйүнө барып, жанагы кызынын кийимдерин кийип, кечинде тиги бала менен жолугушууга чыктым. Ал менин колумдан кармап, мен «коё берчи» деп назданып, ал болсо «колдоруң аябай жумшак, назик экен» деп мага комплимент айтып. Анан кой дегенди укпай, колумду коё бербей жатканынан жаактан ары бир чапсам талп этип жыгылып түштү. Тилденимиш болуп кирип кеттим. Балдар «кыздан таяк жеп калдың» деп аны аябай шылдыңдашты.
Эртеси көчөдө баратсам тиги бала алдымдан чыкты. Эми мени сабайт го деп турсам унчукпайт, көрсө, тиги досторум «ал Күмөндөр болчу» деп айтышпаптыр да. «Кечинде жездеңдин үйүнө барсак, кызы жаакка чапты эле, катуу чабат экен, жаагым ооруп калды» деп айтып кирсе болобу. Мен экенимди айтсам, ишенбей жатып араң ишенген.
«ЭТ УУРДАП УЯТ БОЛГОНБУЗ»
– Студент кезде Алымкул, Кабыл деген балдар менен бир бөлмөдө жашап калдым. Бир күнү сабактан ушунчалык ачка болуп чыгып жатаканага келсек, бөлмөдө жей турган эч нерсе жок. Бирок укмуш жыт чыгып жатат. Алымкул экөөбүз ошол жытты издеп 4-кабатка чыксак, буркулдап эт кайнап жаткан экен. Кой-ай деген кеп-сөзгө келбей эле Алымкул эки жеңин ылдый тартып туруп казанды көтөргөн бойдон жөнөп кетти. Чуркап баратсак артыбыздан кыздардын «Алымку-ул, Күмөндө-өр» деп кыйкырган үнүн угуп калдык. Эмне кыларыбызды билбей чуркап бөлмөгө кирдик да, казанды үстөлгө коюп, терезеден ашып кошуна балдардын бөлмөсүнө кирип кеттик. Кыздар болсо «силерди көрдүк, ачкыла эшикти» деп кыйкырып жатышат. Акыры чыгууга туура келди. Эшикти ачтык, кыздар казанын көтөрүп кетишти. Бир аздан кийин 4 кыз келип, барбайбыз дегенибизге болбой эки колубуздан сүйрөп алып кетишкен. Ошентип этти чогуу жегенбиз.
«БАЛДАРЫМДЫН КАНТИП ЧОҢОЙГОНУН БИЛБЕЙ КАЛДЫМ»
– Союз маалында кайсы гана концерт болбосун, хор менен ачылар эле. Ал кезде мен Нарында, театрда иштечүмүн. Анан бизге кошуп университеттин студенттерин да хор ырдатышчу. Ошол студенттердин арасынан жубайым Жамиляга көңүлүм түшүп, экөөбүз таанышып, сүйлөшүп, анан баш кошконбуз. Ал кезде колуктуга ак көйнөк кийгизип үлпөт той берүү чанда кезикчү. Анан да мындай шаан-шөкөттөр борбордо гана көп болчу. Мен Жамиляга ак көйнөк кийгизбесем да, элден өзгөчөлөнүп бир эмес, эки машина менен алып кеткем (күлүп). Театрдын эки УАЗына балдар толуп алып барганбыз. Ал кезде эмне, эки кой сойсоң баарына жетчү да.
Жамиля менин көп убакытка гастролго кеткенимди жактырчу эмес. Болушунча чыдады, чыдабай калганда мени менен кошо гастролго чыгып да жүрдү. Нарында жашап жүрүп ондон ашык батир алмаштырдык. Артистмин десең эле батир берүүчүлөр айнып кетишчү. Көбүнчө мен узак убакытка гастролго чыгардын алдынан батирди бошоткула дешет. Анан мен туугандарым менен досторума «Жамиляга көчүүгө жардам берип койгула» деп кете берчүмүн. Келгенде түнкүсүн элден «Күмөндөр деген баланын үйүн билбейсиңерби?» деп сураштырып жүрүп табам. «Күмөндөр деген сен өзүңсүң го?» дегендерге башынан түшүндүрүп берүүгө туура келет. Айтор, бир келсем балам төрөлгөн болот, дагы бир келсем күлүп калат, кийинки гастролдон келгенимде жөргөлөп, андан кийинкисинде басып калган болот.
«8 АЙЛАП ГАСТРОЛДОП ЖҮРӨ БЕРЧҮМҮН»
– Союз мезгилиндеги артисттер жаштыгыбызды гастролдорго эле берип койчу экенбиз. Ал кезде план толтурчубуз. Бир гастролдук сапарга чыгып, бир бригада 60 миң рубль төкчүбүз. Анан да «канча адамды маданият жактан тейлеп келдиңер?» деп отчёт талап кылат. Бир бригада менен гастролго чыгып, үч айдан кийин келсем, экинчи бригада менен ойногон спектакль даяр болуп калып, алар менен кайра кете берер элем. Ошентип 8 айга чейин талаалап жүргөн күндөрүм болгон. Азыр үч күнгө анча алыс эмес жерге барып келишсе, ошону милдет кылып, жар салып айтып калышат. Алардай болуп жаш кезимден талантымдан тапкан акчамды өзүмө иштетсем, мен азыр миллионер болмокмун.
Бир ирет ошентип гастролдоп кыштоого барып калдык. Сыртта 50 градус суук. Ак-Сайдан келатканбыз. Машинабыз бузулуп, жолдо калганбыз. Анан бензинин шланг менен соруп алып паяльникке куюп, аны менен жылынып отурабыз. Бир маалда ууланып, башы-көзүбүз тегеренип чыкты. Айлабыз кетип тигини күйгүзүп коюп, машинанын терезесинен башыбызды чыгарып таза аба менен дем алып отура бердик. Бензинибиз түгөнгөн маалда алысыраакта бир жүк ташуучу машина келатыптыр. Ага суранып жатып отуруп алдык, машинанын ичине батпайбыз да, артындагы кап-кап жемдердин үстүнө отуруп алганбыз.
Анан бир үйгө бардык. Жеткенче тоңуп калганбыз. Колдорубуз жумулбайт. Машинадан секирип түшсөң, муз сыяктуу сынып, чачырап кетчүдөйсүң. Эптеп түшкөнүбүздө ал үйдүн ити үрүп чыкты. Жаныбыз кашайып келатканбыз да, арабыздан бирөө итти сөгүп койду. Ошентсе үйдүн ээси «итимди эмне сөгөсүң?» деп биз менен урушуп, «тоңсоңор тоңуп калгыла, бар, алысыраак барып өлгүлө» деп койсо болобу?! «Сен деги адамсыңбы?!» деп аны менен жакалашып жатып жабыла үйүнө кирип кеткенбиз. Ошентип жүрүп, кыскасы, мен кыргыз элиме жакшы эле эмгегим сиңди деп айта алам.
«ЖҮРӨГҮМ ООРУП, 5 ЖЫЛ САХНАДАН АЛЫС ЖҮРГӨМ»
– Кесибим – актёр. Учурда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында эмгектенем. Анткен менен менин Күмөндөр деген атымдын элге таанылышына куудулдук өнөрүм себепкер болду. Таракандар жөнүндөгү сатирам менен атым чыкты десем болот. Аздыр-көптүр атак, сый, эл алдында аброй күттүм. Ортодо 5 жыл ооруп, сахнадан сырткары өмүр сүрүп калганым болбосо, менин өмүрүм эл көзүндө өтүүдө. Жакында 18-19-20-декабрда «Күмөндөрдүн күлкүсү» деген аталышта күлкү кечемди өткөрөйүн деп жатам.
Гастролдо суукта, ысыкта, талаа-түздө сезбей жүрө берген экенмин, микроинфаркт болгом. Кыскасын айтканда, адамча кечинде убагында жатып, эртең менен убагында турмай жок. Өзүмдөн деле кеткен жагы бар, албетте. Ал кезде кай жерге барба, концерт, концерттен кийин конок, конокто сөзсүз ичкилик. Ичпедим деп танбайм, убагында ичкенбиз жакшы эле. Ооругандан кийин бир топ жылга таптакыр токтотком. Азыр деле ичкендердин катарына кошпойм өзүмдү, тойлордо деле ичпейм. Бирок ишенсеңер ишенгиле, ишенбесеңер койгула, кээде капоттун үстүнө коюп алып, талаада, көчөдө ичким келип калат. Бирөө мени ич деп кыйнаса экен депчи. Андайда ичип койсом, эртеси жүрөгүм кичине кысылгансып, башым ооруп калат. Ал дагы 3-4 айга чейин жетет.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg