АНЖЕЛИНА ЖОЛИ МЕНЕН БРЭД ПИТТ АЖЫРАШАБЫ?

Бул Голливуд жылдыздары сүйүүнүн жана үлгү­лүү үйбүлөнүн символу болуп келатканына бир жылдай болуп калды. Өзгөчө алардын кызы Шило төрөлгөндөн бери (7-июнь 2006-ж.) бул абдан даана көрүндү десек жаңылышпайбыз. Мына ошол бейпил жашоо учурунда эки сүйүшкөндүн ортосун бөлгөн окуя болуп, алар уруша кетишти. Бул уруш абдан оор болгондуктан, экөөнүн ортосундагы жарака ажырашууга алып кел­чүдөй. Чатактын себеби эмне десеңиз, күйөөсү Брэд Питт жубайы Анжелинаны атасы менен жараштыруу үчүн кылган аракеттери экен...

Түгөйлөрдүн бактысына жарака кете турган болду. Маалыматтарга караганда, Питт жубайын эч качан мындай абалда көргөн эмес. Анжелина абдан каарданып: "Эгерде сен дагы бир жолу мындай кыла турган болсоң, экөөбүздүн ортобузда баары бүтөт!» деп кыйкырган.
Брэд байкуш эмне кылыптыр? Эмне эле аны аялы "саткынчылык кылдың" деп күнөөлөп жатты экен? Көрсө, кийин белгилүү болгондой, Брэд болгону Анжелинанын атасына – Голливуд жылдызы Жон Войтко ("Анаконда", "Аткарылгыс миссия" жана "Үйгө кайтуу" фильминде аткарган ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган) жаңы төрөлгөн кызы Шилонун сүрөттөрүн жө­нөткөн экен. Чын эле бул кылмышпы? Ооба, Анжелинанын айтымында, бул кечирилгис, оор кылмыш экен. Албетте, Брэд анын сүйгөн жубайы өз атасы менен көп жылдан бери сүйлөшпөй жүр­гөнүнөн кабардар болсо керек, бирок, абалдын мынчалык деңгээлге жетээрин кайдан билиптир?..

БҮТПӨГӨН ТААРЫНЫЧТАР АЙ...
Бул үйбүлөлүк драманын тамыры тээ илгерки убакка барып такалат. Анжелинанын энеси, француз актрисасы Марселин Бернар кызы бирге чыга электе эле кү­йөөсү менен ажы­­рашып кеткен. Анын себеби, кү­йөө­сү анын кө­зүнө чөп салган. Энеси менен калган Анжелина атасынын мындай жоругун кийин чоңойгондо гана билген. Анжелина кичинесинен шумдуктай тентек чыгып, мектепте "психиатрдын көзө­мөлү керек" деген балдардын тизмесине кирген. Ал башкалардан өзгөчө­лөнүп, чачын көгүш-кызыл түскө боёп, баңгизаттарды колдонуп, 15 жашынан тарта эле панк-группадагы бир жигит менен жашап алат. Энеси кызынын мындай жоругуна тыюу салбайт. Ал эми кызына Анжелина Жоли (кийин чоңойгондо ал атынын экинчи бөлүгүн фамилияга айлантып алган) деп ат койгон атасы кызынын мындай жорукка түшөөрүн уктаса түшүндө көргөн эмес. Кыскасы, атасы буга чыдап тура албастан, анын жеке жашоосуна кийлигише баштайт. Жыйынтыгында, кызы аны менен сүйлөшмөк тур­гай, көргүсү да келбей калат. Ошондон кийин Войт кызынын эбегейсиз тездик менен өсүп жаткан карьерасы жана анын элди дуулдаткан жеке жашоосун сырттан гана байкап жүрүүгө аргасыз болот.
2001-жылы атасы менен кызына биринчи жолу "Лара Крофт" деген фильмде бирге тартылууга туура келет. Болгондо да кызы менен атасынын ролун аткарышат. Анын биринчи тасмасында окуя абдан эмоционалдуу болгондуктан, экөө тең ыйдан буулугуп, образды аягына чыгара албай кыйналышат. Качан тасманы акырына чыгарып бүткөн соң, эрээркеген экөө тең бири-бирине умтулуп, кучакташып калышат. Мына ошондо экөө алгач жарашкан десе болот. Экөө биригип интервьюларды берип, чоң азем, кечелерге бирге барып калышат. Бирок, андан бир жыл өтүп-өтпөй эле алардын ортосун кайрадан кара мышык аралайт. Кайдан-жайдан Войт бир теле­көрсөтүү учурунда кызы Анжелинанын "бул туурасында эч кимге ооз ачпа" дегенине карабастан, анын 2002-жылы камбоджиялык Мэддокс (Мэддокс азыр 5 жашта, ал эми дагы бир багып алган Захара аттуу кызы 2 жашта) аттуу баланы багып алганын айтып алат. Ошондо Анжелина абдан таарынып, дагы байланыш үзүлөт.
Андан кийин дагы бир гезит бетине чыккан кабарга караганда, Анжелина сапарга кетип жатканда аны узатып жаткан атасы колуна конвертти карматып, «муну сөзсүз оку» дейт. Кызы кубанып, самолёт учаары менен орундугунда отуруп окуса атасы: "сен начар адамсың" деп жазган болот. Мунусу аз келгенсип, атасы андан көп өтпөй эле берген интервьюсунда ал кызынын пси­хикалык жактан жетишпегенин, ошондой эле ага тезинен дарыгердин жардамы керек экенин айта салат. Муну уккан Анжелина кандай абалда калганы айтпаса да маалым. Анткени, мындай маалыматтан соң ага бала багып алууга тыюу салынаары маалым эле. Мына ошондон кийин Анжелина Жоли өз атасын жашоосунан такыр өчүрүп салат. Анысы аз келгенсип, ал Лос-Анжелес сотуна кайрылып, фамилиясынын акыркы Войт деген бөлүгүн да алдырып салат.
Атасынын мындай жоругунан кийин Анжелина көптөгөн интервьюларды берип, оорулуу эместигин айтып, ага атасы жөн гана кыянаттык кылганын билдирет.

АТАСЫ ДАЛЕ ЖАРАШУУНУ КААЛАП ЖҮРӨТ
Арадан төрт жыл өтөт. Бул убакыт ичинде атасы менен кызы бир да жолу жолугушуп сүйлөшүшпөйт. Мына ошондо Жон Войт өзүнүн чектен аша чаап кеткенин сезет. Ал тааныштар аркылуу кечирим сурап, кайра элдешүүгө көп аракет кылат. Бирок, атасынан көңүлү калган Анжелина аны менен байланыш түзгүсү келбейт. Ошондо Жон кызы менен элдешкиси келгенин телекөрсөтүү жана журналдар аркылуу билдирет. Булардын бирине да көңүл бөлбөгөн Анжелина интервьюсунда "Жон Войт экөөбүздүн мамилебиз дайыма катаал болуп келген. Биз эч качан дос боло алган эмеспиз. Мен аны жек көрбөйм. Бирок, азыр мен ал туурасында ойлогум да келбейт" деп билдирген. Анжелинанын мындай билдирүүсүнөн кийин эми анын атасы менен жарашуусу жакынкы күндөрдө болбосу айдан ачык. Деги Брэд Питтин сүйгөнү Анжелинаны атасы менен жараштыруу туурасындагы жакшы ниети эми өз үйбүлөсүнүн кыйроосуна алып келбес бекен деген ой келет. Кантсе да андай болбос, себеби, Брэд Питтин мыкты жигит экени баарыбызга маалым эмеспи...

Даярдаган Карим Нур

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-17 01:13:27
Бактылуу болгула
0
№ 201, 8-14-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан