ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)

– Ыйлабай эле турам, мобу көзүмдөн өзү эле суу агып...
Ыйлаганын жашыргысы келген бала буулугуп, өпкөсү көөп турса да ушинтип баатырсынды. Уулунун абалын байкаган Азирет бооруна кыса койду эле, араң турган бала мойнунан чап кучактай салып өксүп жиберди. Балакай буулугуп, ушунчалык ичине батпай кеткен сагынычын жашыра албай ыйлады. Мындайды күтпөгөн Азирет ары шаштысы кете, бир эсе жүрөгү мыкчыла түштү.
– Уулум, сага эмне болду?
– Айданек «оюнчуктардын баары меники. Сенин үйүң жок, атаң менен апаң таштап кетти» деди. Азирет байке, мени атам менен апам чын эле таштап кетиштиби?
– Жок, уулум, бул эми сенин үйүң. Сен бул жакта жашайсың. Апаңдар келишет... Бир күнү келишет...
Азирет уулунун дирилдеген ийиндерин сылай таптакыр башка сөздөрдү айткысы келди. Жан дүйнөсү менен сабылып, ал өзүнүн баласы экенин, жан дилин берип аны жакшы көрүп калганын айткысы келди. Бирок кичинекей бала кайдан түшүнсүн, эрдин кесе тиштеп токтоду.
Ошол эле күнү Аскатты ээрчиткен атасы шаардагы дүкөндөрдү кыдырып, эмнени кааласа баарын сатып берди. Кечки тамактан кийин уулунун бөлмөсүнөн чыгып, өз бөлмөсүнө киргенде гана чарчаганын туйду.
– Уф, бүгүн кечке Аскат менен жүрүп чарчадым,- деди жөн салды гана.
Аялы үн каткан жок.
– Алина?!
– Эмне болду?
– Сага бир нерсе болгонбу деп турам. Бүгүн мага бир сөз да айтпадың го.
– Айтканда эмне, баары бир өз билгениңдей жасайсың.
– Кана айтып көрчү, эмнени туура эмес жасадым.
– Баланы апасына бер! Ал келгени үйдө тынчтык болбой калды. Айданек экөө урушат да турат. Кандай бейбаш бала экенин билбейм.
– Мына кызык, сенин кызың балага «сенин үйүң эмес» деп оюнчуктарын тартып алса, кайра бала күнөөлүү болуп чыгабы, ыя?
– Айданек – экөөбүздүн тең кызыбыз!
– Аскат – менин уулум! Мен анын бир тамчы жашы үчүн көп нерсени курмандыкка чалып жиберишим мүмкүн. Түшүнөм, сага аны кабыл алыш оор. Андыктан сенден мээрим деле күтпөйбүз. Бирок эсиңде болсун, сен ага татыктуу көңүл бура албасаң, менин бош убактым да, көңүлүм да, мээримим да ал баланыкы болот.
– Азирет!
– Ал бала мен үчүн ким экенин сен жакшы билесиң. Мен сага «балалуу болбосок да, өмүр бою жаныңда болом» дегем. Сөзүмө турдум. Эми сен да мага айкөлдүк кыл. Анте албасаң, менден жакшылык күтпө...
Ушул сөздөн, ушул күндөн баштап Алинанын жүрөгүнө бүлүк түштү. Сүйүктүүсүнүн жүрөгүн Бегимай тартып алганы аз келгенсип, кызы экөөнө арналган мээримди анын уулу тартып алып жатканына ызаланды. Аскаттын ар бир кыймылынан атасына окшош жерлерин таап, күйүттөн күл болуп жатты. Пендечилик кылып кээде балага оройлоно, Азирет үйдө жок болгондо атайылап эле оюнчуктарын кызына тартып берип коюп жүрдү.
Ушундай мамилелерден улам күндөй жаркып, ар бир адамга мээрим менен караган баланын жүрөгүнө каар топтоло баштады. Андан да анын апасы менен атасына таарынычы чоң эле.

ххх

Германия. Бегимай атактуу клиникага Муратты жаткырганына көп болду. Мурат оор операцияны башынан өткөрдү. Мынчалык күйөөсүнө берилген адам чанда болор. Бегимайды тагдыр канчалык азапка салган сайын ошончолук чыйралып, Мураттын өмүрү үчүн жан далбастап жатты. Буттарына жан кирсин деп колу карышып калганча массаж жасайт. Олбурлуу немени көтөрүп, алдын кургактоонун өзү кандай азап?!
Сүйүүнү күчтүү дейбиз, бирок кайсы бир убакта кимдир бирөөнүн алдындагы милдет, сыйлоо, болбосо тек көнүп калуу сүйүүдөн да күчтүү болот. Мураттын оорусу менен алышып жүрүп Бегимайдын Азиретке болгон махабаты өзүнөн-өзү жоголуп баратты. Атын укса жүрөгү селт этип кетчү учурлар азайып, кандайдыр бир чарчоо менен эстечү болду.
Бирок баласы ар дайым оюнда. Кээде аны ойлогондо ысык жаш жүзүн жууп, кайда, эмне кылып отурганын да билбей калат. Бир тынчтандырган нерсе – ал Азиреттин колунда болгону. «Ал эч качан уулун жалгыз калтырбайт, мени жоктотпойт. Эки күндүн ичинде эле экөө кандай жакын болуп кетишти...» Ушинтип ойлоду ал терезеден сыртты тиктеп туруп.
– Бема!
– Ов.
Кылчайып, өзүнөн көзүн албай турган күйөөсүнө муңайым жылмайды.
– Келчи жаныма.
– Кандайсың, жакшы уктадыңбы?
– Мен оңолом, бутума турам, алтыным. Жакшы түш көрдүм. Ак боз атка минип алыптырмын...
Аптыга шашып сүйлөгөн күйөөсүнүн жүзүнөн сылап, көкүрөгүнө башын коюп ыйлап жиберди.
– Баары жакшы болот, мен сени түшүнбөйт дейсиңби? Аскатты сенден өтүп мен сагындым. Бутума турсам, өмүрүм өткөнчө башыма көтөрүп багам. Бема, мен сени билбептирмин. Ушунчалык назик адамда мынчалык күч болот деп ойлобоптурмун. Анан да баары бир жүрөгүндө мен эмес, башка деп ойлочумун. Ошол ой мени жеп салчу. Мен эми сездим, сенин жүрөгүң жалгыз гана меники экенин.
– Мурат!
– Сен мени ажалдын оозунан сууруп алдың.
Мураттын жүзү нурданып, кадимкидей тирилип, жашоого кумары ойгонуп турду. Ошол күндөн баштап өзү да тынбай көнүгүү жасап, дарыгердин айткандарын кыйшаюусуз аткарып жатты.
Бул тынбаган мээнет, ажал менен өжөрлөнө айыгышкан күрөш адамдын жеңиши менен аяктады. Толук 1 жылдан кийин Мурат өз бутуна туруп кетти!

(Уландысы кийинки саныбызда)

ЖАКЫНДА...

Жаңыл Калыкова
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

Ал – жылдыз! Ал – сахнанын периси! Бийкечтин бышып, мөмөсү төгүлүп турган ажайып маалында ага кол сунган эркек көп болчу. Алардын ар биринин көздөгөн максаты бар эле. Бирок Асман аттуу сулуунун максаты алардыкынан да бийик, ошол кезде өзү үчүн да, өзгөлөр үчүн да кол жеткис болчу. Айымыбыз ушул даражага кантип жетти? Жолунда ай балтасын кармап сурдана тигилип турган тагдырдын сыноосунан кантип өттү? Баары эмнеден башталган?
Анын бул шоу дүйнө аталып, керемет жазы да, кермек даамы да бар дүйнөгө туш келип, карышкырча алышып, бирде жеңсе, бирде жеңилүү ызасын тартып келгенин билгендер гана билер...

Окурманым, сиз күткөн сериалда баары бар. Эл көзүндөгү атактуу айымдын тагдыры, интрига, бийлик кумары, даңк оорусу, махабат дарты... Андыктан жаңы сериалыбызды бир сан калтырбай окуйсуз деген ишеничтебиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Ruslan1983
2012-12-17 10:01:50
эмки санына эки сериясын жазгылачы
0
nargul
2012-12-17 11:33:34
Ruslan1983, эмки санында мурунку.сериалынан кошпой жазышсынчы...
0
talant.elmira
2012-12-17 10:10:29
Butpoi juroktu eze turgan boldu go. Ayagy jakwy butso eken
0
NurAngel
2012-12-17 10:56:26
Kiyinki saninda a9gina 4eyin jazgila4i surani4
0
lime_boy
2012-12-17 13:05:28
Эх...суйуу! Суйуу! Бема бир жолдон адашты да озу.Биздин салтда бар элего куйосу олсо кайнисине алып берип койгон.Ошондой кылганда эле жакшы болот эле да.
0
aske2012
2012-12-17 14:59:21
жакшы бирок күтүш кыйынго апта
0
taku88
2012-12-17 15:36:26
Аскат Мурат менен Беманы кандай кабыл алат экен....Азиретчи....качан бир жума отот экен ээээ
0
akbari
2012-12-17 15:48:50
da butpoi kaldu kantip 4udaim 1 juma?????????????/
0
veneraaalieva
2012-12-17 17:50:44
Оох жагы бир жума кутуш керек.
0
DilyaKiev
2012-12-17 20:36:50
машаллах
0
maya666
2012-12-17 22:57:38
Мураттын айыгып кеткени жакшы болду, Бегимайды ал гана бактылуу кыла алат.
0
Karagulov90
2012-12-18 02:53:53
Мен да эл катары калтырбай окуп жатам туугандар.
Аябай кызыгып калдым :))
0
Cyldyzka
2012-12-18 11:58:45
Askatka jalko elestetip alıp ıyladım
0
nelli
2012-12-18 17:19:49
дагы кутууу 1жума
0
N.Bakazova
2012-12-20 00:47:56
Kaarmandarga bolgon tahdyrdyn tataal synooloru sonuna jetkeni kaldy ...
0
Erzhan.98
2012-12-22 14:28:52
Тагдыр-оюнду ата-энем калтырбай окуйт.Жума сайын "Супер инфо"ну алып келип жанылыктады окуйт
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан