ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (17-декабрдан 23-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбү – ызы-чуулуу күн. Иш да, келип-кеткендер да көп болот. Туура эмес  маалыматтар менен сизди алдоого аракет кылышат. Уккандарды таразалап, анан иш алпарыңыз. Шаршемби – жеке мамилелерди өнүктүрүү күнү. Мүмкүн, белек аласыз. Ишембиде коллективдүү иш-чара күтөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада көп жумушту бүтүрүүгө туура келет. Айрымдар үй буюмдарын жаңыртып, Жаңы жылга кам көрөт. Бирок карыз алууга кеңеш берилбейт. Шейшембиде акчага байланыштуу маселелерге аралашасыз. Жума күнү айттырбай келген конокторду  тосууңуз күтүлүүдө. Жекшембиде Жаңы жыл үчүн белектерди камдоого киришсеңиз орундуу.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сизге аптада жакын адамды алыстатып албоого аракет кылуу жана өз кызыкчылыгыңызды коргоого туура келет. Аллергиянын алдын алып, цитрус жана боёк кошулган азыктарды кабыл алуудан качыңыз. Бейшембиде бир кезде сизди таарынткан адамдар жарашууга кол сунат. Апта аягында сизди кызыктырган маалыматтарга ээ болуп, жаңы пландарды түзөсүз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада кызматтагы маселелер, жамааттык иш-чараларга аралашуу алдыңкы планга чыгат. Бөйрөк оорусу барлар ден соолугуна этият мамиле кылуулары кажет. Жума күнү сүйүктүүңүз камкордукка бөлөөгө аракет кылат. Абайлаңыз, жакшы маанайды туура эмес сүйлөгөн сөзүңүз менен бузуп албаңыз. Жекшембиде чарба жана үй иштери күтөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Иште өзүңүзгө гана ишениңиз жана өз алдынча болуңуз. Жаңы жылга чейин жекече эс алып, күч топтоого жетишүү керек. Шейшембиде башкалардын оюн уга билсеңиз, жаңылбайсыз. Шаршембиде юридикалык маселени чечүүгө туура келет. Апта акырында кечеге катышып, жаңы тааныштарды топтойсуз.

 

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул апта бийкеч жылдызындагылар үчүн жеңил өтөт. Бир нерселерди сатуу жана сатып алууда жылдыздар жол ачып берет. Жакшы көргөн адамыңыз менен мамилени жакшыртасыз. Олжолуу же белектүү болуп кубанчу күнүңүз – бейшемби. Ишембиде жакындарыңыздын бирине колдоо көрсөтүп, бир топ убакыт бөлүүңүз ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кошумча акча табуу маселеси чыгып, тааныштарга кайрылууга туура келет. Мүмкүн, бул насыяны же карызды жабуу маселесинен улам болот. Апта ортосунда өзүңүздү сүйүктүү адам экениңизди сезип, оң эмоцияларга чөмүлөсүз. Апта аягында алыскы туугандар менен жолугушуу күтүлөт.

 

ЧАЯН (24.10-22.11)
Соодагерлер жана бизнесмендерге жаңы деңгээлге көтөрүлчү маал. Бирок бул өнөктөштөр менен так иштешкенде гана ишке ашат. Сулуулук салонуна баш багып, өзүңүздү жагымдуу адам экениңизди далилдөөчү кез. Жеке мамилелерге аптада болуп өтүүчү окуя өз таасирин тийгизет. Апта аягында сизди кайсы бир ишке күнөөкөр катары көрсөткүсү келгендер чыгат. Эмоцияга алдырбай, ак экениңизди акырын айтып билдириңиз. Болбосо чатак көбөйөт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Каржылык абалыңыз өзүңүзгө кам көрүүгө жана каалаган буюмуңузду алууга мүмкүнчүлүк берет. Аптада коллективде түшүнүшүү менен иш кылбасаңыз, жакшы жыйынтыкка жетүү кыйын. Жаңы жылга үй-бүлөлүк, достук жолугушууларды пландоо маселесин чечип, жеңилдей түшөсүз. Жеке мамилелерде көрө албастардын айынан көлөкө түшүшү мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кийин кейип калбоо үчүн жаңы сунуштарды кабыл алууда терең ойлонушуңуз кажет. Шаршембиде өз позицияңызда бекем туруп, жаңы идеялардын үстүндө иштесеңиз, жыйынтыгы кубантарлык болот. Бейшембиде сизге пайдасы тие турган адамдар менен таанышууга жол ачылат. Үй-жайды тартипке келтирип, жаңы нерселерди сатып алуу иштери апта акырында убактыңызды алат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйшөмбүдө энергияңыз аз болот. Андыктан бирөөлөргө катуу айтуудан, чоң ишке киришүүдөн качыңыз. Шейшембиде сизге ким дос, ким душман экенин аныктай турган окуя чыгат. Бейшембиде тар чөйрөдө кайсы бир маселени чечүүгө катышууга туура келет. Ишембиде барктаган адамыңыз чогуу эс алууга сунуш киргизет. Жекшембиде туугандардын сыйына татыйсыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Эч нерсеге шашылбай, өткөндү таразалап, жыйынтык чыгарчу апта. Материалдык киреше менен чыгаша бирдей болуусу күтүлүүдө. Шейшембиде күч-кубатыңыз ашып-ташып, чоң жумушту бүтүрүүгө жетишесиз. Шаршембиде туугандарга жана балдарга көбүрөөк камкордук көрүү талап кылынат. Апта соңунда достор бир тилегиңизди ишке ашырып кубантышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан