Балалык кез эң таза, эң баёо учур. Ар бир адам өз жашоосунда дал ушул сыйкырдуу көз ирмемди артта калтырат эмеспи. Көз ирмем эмей эмне? Кечээ эле оюнчук машина көтөргөн наристе бүгүн рэпер жигит. Добр балалыктын ошол баёо күндөрүнөн эскермекчи.
«ПРОФЕССОР БОЛБОЙ, РЭПЕР БОЛДУМ»
– Менин өз атым Адилет болгондуктан, Адик дешчү. Бала чагым азыркы эле жашап жаткан үйүбүздө өткөн. Башкача айтканда, Бишкек шаарына чектеш Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында. Апам «сен кичинеңде София Ротарунун «Луна» деген ырын укканда эле уктап калчусуң» деп айтып калат. Анан да апам мени негедир «чоңойгондо профессор болот» деп тилей берчү экен. «Балам профессор болбой эле, рэпер болуп чыга келди» деп күлүп калат азыр.
Ал эми атам менден каратист чыгат деп үмүттөнчү. Үйгө достору келип калганда «кана, көрсөтүп койчу» деп мактана берер эле. А мен Жеки Чан менен Брюс Линин кинолорун жакшы көргөндүктөн, бир-эки трюк үйрөнүп алгам. Сальто секирип, айланып тээп дегендей. Аяш аталарым мени көрүп кол чаап коштоп калышчу.
«КАРЫНДАШЫМДЫН КУУРЧАГЫНАН КОРКЧУМУН»
– Эң сүйүктүү оюнчугум үч дөңгөлөктүү шайтан араба болчу. Анан да рулу, педалдары бар оюнчук машинамды жакшы көрчүмүн. Бирок шайтан арабамды эч нерсеге теңебейм. Туулган күнүмдө атам «Авто-Мото-Вело» деген чоң дүкөнгө алып барып, ошону сатып берген. Эми ошол кездеги сүйүнгөнүмдү сураба... Көпкө чейин ошону тээп жүрдүм. Сындырган да жокмун. Кийин эки дөңгөлөктүүсүн тепким келип, Урал үлгүсүндөгү шайтан арабалуу болгом. Бирок башында анын педалдарына бутум жетпей кыйналдым. Ошого да карабастан, капталынан бутту салып тепкенди үйрөнүп алгам.
Негизи, илкерки оюнчуктардын жаны бек болгон экен. Айрымдары менен бөбөктөрүм да ойноп калышты. Эсимде, карындашымдын бою мени менен тең куурчагы бар болчу. Аты Маша беле же Дашабы, иши кылып орусча атап койгонбуз. Көздөрү көпкөк, чачтары сары болгон үчүн ошентип койсок керек. Аны шкафка салып койчубуз. Чынын айтсам, мен андан коркчумун.
«НАН САТАМ ДЕП АЛДАНЫП КАЛГАМ»
– Чоңоюп, ата-энеге жардам бериш керек экенин түшүндүм. Апам менен нан сатыша баштадым. Бир жолу апам үйгө кетиш керек болуп, мага «бирөө келсе, 3 сом деп сата бер» деди. Ал кетери менен бир байке келип эки нан алды. «Канча сом?» дегенде «3 сом» дедим. Ал мага айткан акчамды карматып кетип калды. Апама жетине албай сүйүнчүлөп жүрөм, «эки нан саттым, мына 3 сом» деп. Көрсө, бир нан 3 сом экен, мен экөөнү 3 сомго берип, алданып калган экенмин да. Кийинчерээк атам менен апам «Дордойдо» соода кыла башташты. Аларга термоско чай куюп жеткирүү милдетиме айланды.
Балалыгымды Мирбек аттуу классташым, досум менен бирге өткөрдүм. Мика экөөбүз «Покемондор» мультфильмин кууп көрчүбүз. 3-сабак башталган маалда биздин мультфильмибиз да башталат. Мугалимден бир шылтоону айтып суранып кетмей...
Экөөбүз гана билген тамгаларды ойлоп таап алганбыз. Доскага чыкканда ал тамгалар менен башкаларды сөгүп же күлкүлүү сөздөрдү жазып, күлө берчүбүз. Мирбек бир күнү «Децлдин кассетасын алып келдим. Жүрү, угабыз» деп калды. Ошондо алгач ирет рэп тууралуу түшүнүк пайда болгон менде. Кассетадан Децлдин сөздөрүн кесип салып, минусовка жасап алчумун. Кайра өзүмдүн сөздөрүмдү ага жаздырып, ыр чыгарчу элем. Ошентип отуруп эле музыка чөйрөсүнө кызыгуум артып кетти. Эгер азыр мага «балалыгыңа кайтып барсаң, эмнени өзгөртөт элең?» деген суроо берилсе, «эч нерсени» демекмин. Балалык деген балалык. Ал адам үчүн баалуу.
Салтанат Мукасова
star@super.kg