20-30 жылдан бери кыргыз эстрадасынын жарык жылдызы болуп, эл алдында сый-урматын, популярдуулугун жоготпой келаткан ырчыларыбыз саналуу гана. Алардын бири кыргыз эстрадасынын примадоннасы аталган Айчүрөк Иманалиева быйыл «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «Заманыбыздын супер ырчысы» деп табылды.
– Саламатсызбы, Айчүрөк эже? «Заманыбыздын супер ырчысы» сыйлыгыңыз кут болсун.
– Рахмат. Эч кимге айткан да, эч кимден суранган да эмесмин. Бирок быйыл мен деле катуу иштедим, кайсы бир жерден менин эмгегим бааланар бекен деп ойлоп койгон элем. Бул жылдын ичинде «Улуттун сыймыгы» деген аталышта теледолбоор алып чыктым, ырларды жаздырдым, 6 клип тарттым дегендей. Буга эл күбө, сахналаш кесиптештерим күбө. Күтпөгөн жерден минтип эмгегимди баалап сыйлык тапшырган «Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамаатына терең ыраазычылыгымды билдирем. Чындыгында, концерт жүрүп жаткан маалда дагы атайын сыйлык камдалганын билген жокмун. Конверт ачылып, менин ысымым аталып жатса деле эки жагымды карап түшүнбөй тура бериптирмин. Абдан кубанычтамын, бул статуэтка менин үйүмдүн куттуу төрүнөн орун алат.
– «Супер-Инфо» гезити шоу-бизнес жана маданият чөйрөсүндө жыл ичинде алгылыктуу эмгек кылган инсандарыбыздын мыктыларын тандаган супер концертте калыстар тобунун төрайымы болдуңуз. Концертке сиздин бааңыз...
– Алгач калыстар тобуна төрайым болууну сунуштап чакырганыңарда эле кубануу менен макулдугумду бергем. Супер концертке келип убактымды коротконума, калыстык кылып кызмат кылганыма кымындай да өкүнгөн жокмун. Концерт абдан сонун болду. Гезиттин жамаатына ушунчалык ыраазы болдум. Ар бир нерсе кылдаттык менен пландалып жасалган. Сахнанын жасалгаланышынан тартып акустикасына чейин жогорку баа бердим. Менин сахнада жүргөнүмө 30 жылга чукулдап калды, мындай жогорку деңгээлдеги концерттер, чындыгында, аз болот. Бул концерттен бир гана ырахат алдым.
– Рахмат. Ушул концертибизге бир күн калганда концертти болтурбай коюуга аракет кылгандар көп эле болду. Ал тургай ырчылардын ар бирине бир нече ирет телефон чалып, «концертке барба» деп талап койгондор чыгыптыр. Анан да Коомдук канал «концертке ырчылар барышпайт» деп коомчулукка жар салды. Сиздин көз карашыңыз...
– Мындай ишке КТРКнын жетекчилигинин тиешеси жок болсо керек деп ойлойм. Бул анда иштеген кээ бир кызматкерлердин эле иши. Силердин концерт боюнча чоң команда иштеди, татынакай алпаруучулар, татынакай сахна, эң сонун ырчылар. Бул бийик деңгээлдеги концерттин болбой калышы мүмкүн эмес болчу. Анткени Кудай бар. Кудай алдында ак болсоң, андай тоскоолдуктарга карабастан ишиң алдыга жүрө берет. Концерттин жакшы өтөрүнө 100 пайыз ишенгем. Ошондуктан «Супердин» концертине барбай эле кой» дешип мага да чалгандарына карабастан, ишенимдүү бардым. Сахнада 30 жылга чукул бекер жүргөн жокмун да. Өзүмдүн позициям бар, өзүмдүн оюм, пикирим бар. Анан да концертке барбай коюуга негиздүү себеп деле көрө алган жокмун. Жашоодо ар кандай нерселер болот экен, кээ бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн мен элге жакшы маанай тартуулап, жаш ырчыларды колдоп жаткан чоң гезитти сатып коё алган жокмун. Мындайда адилеттүүлүк кылышым керек эле, адилеттүүлүк эле кылдым деп ойлойм. Анткени менин улуу муун катары өзүмдүн үнүм бар. Эгер улуу муун жакшыны жакшы, жаманды жаман деп көрө албаса, анда бул биздин трагедиябыз.
– Кепти сахнанын оош-кыйыш жактары туурасында уласак...
– Сахнада, шоу-бизнесте оң-терс көрүнүштөр болуп келген, болуп жатат, боло да берет деп ойлойм. Бул нерсе таланттуу адамды жыгып түшө албайт, тескерисинче, чыйралтып, андан ары да эмгектенүүгө үгүттөйт. Ал эми таланты жокторду убакыт таразалайт.
– Ырчылыкка жаңыдан кадам таштаган күнүңүздү эскере кетсеңиз...
– Композитор Марат Акматов менен Акимжан Жээнбаев деген агайлар Таласка, биздин айылга барып калышты. Атам ал кишилерди кой союп коноктоду. Ошондо мени ырдатып көрүп, жактырып кетишкен. Кийинки жылы Акимжан Жээнбаев менен Марат Акматов барышып, мени алып келишип, Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшыртышкан. Ата-энем мени опера ырчысы болсо дешчү, а мен эстрадага азгырылып кеткем.
– 30 жылга чукул сахнада жүрүп, төбөңүз көккө жете сүйүнгөн күнүңүз, тескерисинче, маанайыңыз чөгүп кайгырган күнүңүз болду да. Дегеле сахнадан эмне таап, эмне жоготтуңуз?
– 1996-жылы Америкага бүткүл дүйнөлүк «Чоң алма» деп аталган сынакка өткөнүмө ушунчалык чеги жок кубанган элем. Кийинки жолу «Славян базарына» барганыма кубандым. Анда катуу ооруп, дене табым 40 градуска көтөрүлүп турса да ырдагам. Ырдабай келсем эл-журтка сөз болом деп чыдап жүрө бергем. Келип, аэропортко конгондон кийин 3 саат өтпөй операция столуна жатууга аргасыз болгом. Врачтар «кантип чыдап ырдадыңыз?» деп таң калышкан.
Жакшылык менен жамандык дайыма эриш-аркак жүрөт эмеспи. Кайгырган күндөрүм деле болду. Мисалы, өзүң жетелеп жүрүп, сахнага алып келген балапандарың койнуңдан чыгып, жылан болуп сени чагып алганда капа болот экенсиң. Сахна адамы болгонума өкүнбөйм, дагы бир өмүр берсе да сахнаны тандап алмакмын. Бир гана өкүнгөнүм, сахнада жүрүп жоготконум – тун уулум Аргенди кичинекей кезинен ысык-суукта, ачка-ток өзүм менен кошо жетелеп жүрө берип, астма оорусуна чалдыктырып алганым болду.
– Арген азыр эр жетип, жигит болуп калды. Учурда эмне менен алек?
– Аргенди ырдайт го деп ойлочумун, кийинчерээк ырчылык жөнүндө таптакыр уккусу да келбей калган. Эми токтолду, тентектиги өттү, сулуу, акылдуу, таланттуу бала болуп чоңойду. Жакында «апа, мен эми ырдасам кандай болот?» деп калыптыр. Уулумдун бул оюн колдодум. Жакынкы эки-үч айдын ичинде ырдап чыкканы турат.
– Качан келиндүү кылам дейт?
– Азыркы жаштарды түшүнбөйсүң да, бир күнү эле үйлөнөм деп чыгышы мүмкүн. 25 жашка чыкты. Эми кудай буюрган күнү келиндүү кылып, кубантар мезгили алыс эместир.
– Арлен менен Аэлитанын да ырчылык жаатында таланттары барбы?
– Мен Арленди чыгармачылыктан алыс болсо керек дечүмүн. №6-гимназияда окуйт. Таэквондо менен машыгат, мектепте №1-барабанчы экен. «Балам, эми башка эле кесип тандасаң болмок» дедим. Бирок өзү аябай кызыгып, жактырып жүрөт. Каалоосун четке кага алган жокмун. Аэлита дагы быйыл биринчи класска барды. Аны менен катар эле Шубин атындагы музыкалык мектепте да фортепиано жаатында окуп жатат. Жакында эле экзамен тапшырып, «4» деген баа алды. Өз балаңдын минтип ийгилик жарата баштаганы өзгөчө кубаныч экен. Башка деген башка, ал баары бир артыңдан көп сөздү сүйлөп туруп, кетип калат экен. Мен Аэлитаны чыныгы сахна адамы болсо экен деп тилейм. Канткен күндө да, эң негизгиси эли-жерине кереги тийген инсандардан болсо экен.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg