«Кыргызстанда хиджаб маселеси абдан чоң талкууга алынып, коомчулук тарабынан оң да, терс да сындар айтылып, аягы бүтпөй келет. Учурда, чынында, кыргыз кыздары араб стилиндеги хиджабдарды көп кийишет. Ошондуктан биз кыргыз модельер-дизайнерлерин чогултуп, кыз-келиндерибиз үчүн кыргыз оймо-чиймелери түшүрүлгөн хиджабдарды сунуштадык. Жакында эле жалпы чыгымы бир жарым миллион сомду түзгөн «Мусулман модасы. Күз-2012. Кыргызстан» аталышындагы мода көргөзмөсүнө демөөрчү болгон элем. Мода дүйнөсүнө мындан ары да салым кошууга аракеттенем»,- деп билдирди актриса Айжан Акылбекова.