Актёр Бакыт Мукул «Ак бас!» аттуу толук метраждуу фильм тартканын айтат. Фильмдин негизги максаты – адамдарды туура жолго багыттоо, коомду тарбиялоо. Башкача айтканда, тасмада учурда коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жоюу максатында бир уюм түзүлүп, ыплас жашоого малынган адамдарга тарбия иштери жүргүзүлөт.
Кинодогу каармандар бир топ тоскоолдуктардан өтүп, жыйынтыгында фильм позитивдүү маанайда аяктайт. Актёрдун айтымында, тасманы тартуу иштери быйыл июнь айында Кеминдин Көк-Ойрок жайлоосунда жана Алматы шаарында тартылып баштаган, 2013-жылдын февраль айында бүтөт.