«Бир мааракеге барып калдым. Ал жерге көптөгөн маданият өкүлдөрү, ырчылар катышып, той шоуго айланып кетти. Бизге берилген билет боюнча лотерея ойнотулуп, кымбат баалуу белектер коюлуптур. Анан эле баш байгеге коюлган Ниссан Премьера үлгүсүндөгү автоунааны мен утуп алганымды айтып жатышпайбы. Чынын айтсам, мен үчүн күтүүсүз, бирок абдан жагымдуу белек болду»,- дейт кубанычы менен тең бөлүшкөн обончу, аткаруучу Абидин Темиров.
Мындан сырткары ырчы чет жактарга гастролдорго чыгып, мекендештерибизге талантын тартуулап жүргөнүн кошумчалады.