КОРАЛЛДАР-МАЙДА ДЕҢИЗ ЖАНЫБАРЛАРЫ

БИР ЖЕРДЕ, БИРИ-БИРИНЕ ЖАБЫШЫП ӨСҮШӨТ
Кораллдар – ичеги көңдөйлүү (ичи көңдөй, бош) деңиз жаныбарлары. Тактап айтканда, жылып жүрүшпөй бир жерде, бири-бирине бекем жабышкан бойдон өсүп-чоңоюучу өтө майда организмдердин чоң топтому. Ар бир майда организм полип деп аталат. Ошондой эле кораллдардын кээ бир түрүнүн скелеттери да кораллдар деп аталышат. Кызыл жана кара кораллдардан түркүн кооздук жасалгалар (мисалы, шуру), сувенирлер жасалат.
Кызыл коралл Жер Ортолук деңизинде (Грециянын түштүгүндө, Африканын түндүк жээктеринде), ал эми кара коралл Персия булуңунда өндүрүлөт. Айта кетчү нерсе, коралл шурулары адамзаты колдонгон эң алгачкы кооздук материал болуп саналат.
Сыртынан караганда кораллдар дарак же бадалды элестетет.
Кораллдар жумшак жана катуу болуп эки топко бөлүнүшөт.
Жумшак кораллдардын скелети болбойт, андыктан булар рифтерди түзө алышпайт. Булардын кээ бир түрлөрү гана деңиз өсүмдүктөрү менен чогуу жашашат.
Катуу кораллдардын скелети болгондуктан, рифтерди түзүшөт жана бардык түрлөрү өсүмдүктөр менен биргеликте жашоо кечиришет.

ТАМАК ЖАНА ОРУН ҮЧҮН КОҢШУСУН УУСУ МЕНЕН ӨЛТҮРӨТ
Полиптин кээ бир түрлөрүнүн өлчөмү төөнөгүчтүн башындай болсо, кээлериники 30 сантиметрге дейре жетет. Денеси бир жагы ичке тартып кетчү трубканы элестетет. Ичке жагы менен бир нерсеге биротоло жабышып алса, экинчи жагы оозу. Бул менен тамак жейт, ошол эле учурда ал аркылуу заара, заңдары сыртка чыгарылып турат. Оозунда тамак табууга ылайыкташкан 6-8 тинтүүрлөрү жайгашкан. Тинтүүрлөрүнүн учунда уу болот. Полиптер өзү тамактануучу планктондорду, рак сымалдарды жана башка жаныбарларды ууландырып, шалга айлантууга жана душмандардан коргонууга пайдаланышат. Уусу абдан күчтүү болуп кетсе, анда жанындагы кораллдардын өсүүсү токтоп калат. Ошентип, уусу күчтүү коралл кененирээк орун менен көбүрөөк тамакка ээ болот.
Полип булчуңдары аркылуу жыйрылып, кайра жазылып турат.

ЖАКШЫ ЖАШАШ ҮЧҮН ӨСҮМДҮКТӨРДҮ «КВАРТИРАНТ» КЫЛЫП АЛАТ
Полиптин денеси ички жана сырткы териден турат. Ички терисинде кээде балыр сымал өсүмдүктөр өсүп алат. Андай өсүмдүктөр күн нурун жутуп алып, энергия бөлүп чыгарып, энергиясын полип менен бөлүшөт. Полип болсо өзүндөгү азот менен фосфаттан өсүмдүккө бөлүшөт. Ошентип, «мага да, сага да жакшы» деген турмуш кечиришет.
Айта кетчү нерсе, кораллдар менен өсүмдүктөр бири-бирисиз деле өз алдынча жашоо кечире алышат. Бирок экөөнүн биргелешип жашашы өсүү жана көбөйүү процесстерин бир топ жеңилдетет. Чоңдугу 25 сантиметрге жеткен кораллдар 10 чакты балыктын, 20дай рак сымалдардын үйү болуп бере алат.
Полиптерге жылуулук менен күн нуру керек болгондуктан, алар деңиздин тайыз жерлеринде (тереңдиги 50-60 метрден ашпаган жерлерде) кездешет. Көбүнчө 10-20 метр тереңдикте болушат. Жылуулугу 20 градустан өйдө болгон сууларда кездешет.

КОРАЛЛ РИФТЕРИ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Коралл рифтери тропиктик деңиздердин тайыз жерлеринде жолугат. Кораллдар миллиондогон жылдар бою өсүп, көбөйүп, калыңдыгы бир нече метрге дейре жетип, кырка тоодой тизмектешип калганда коралл рифтери жана коралл аралдары (атолл) жаралат. Рифтер көбүнчө Тынч жана Индия океанынан кездешет. Дүйнөдөгү коралл рифтеринин 3төн бир бөлүгү өлгөн. Буга суунун булганышы себеп.
Ошондой эле суунун температурасы кескин төмөндөп кетсе да коралл рифтери өлүмгө дуушарланат. Рифтер көбүнчө сууда 10-20 метр тереңдиктерде түзүлөт.
Риф 1 жылда болгону 2,5 сантиметрге өсөт. Риф тилкесинин айрым жерлеринин кенендиги 72 чакырымга чейин созулат жана ийне терилүү деңиз жаныбарларынын, моллюскалардын, деңиз курттарынын, балыктардын мекени.

КАНТИП КӨБӨЙҮШӨТ?
Кээ бир түрлөрү жыныстык, айрымдары жыныссыз жол менен көбөйүшөт.
Жыныссыз жол менен көбөйүшү. Мында кораллдын капталындагы (бөйрөк тушу десек болот) клеткалар бөлүнүп, көбөйүп отурат. Жыйынтыгында борсойгон бүчүрдөй болуп калат. Ал бүчүрдөн кораллдын баласы – кичинекей полиптер бөлүнүп чыгып, суу түбү менен жүрүп отуруп, бир күнү бир нерсеге жабышып алат да, ошол жерде өсүп-чоңоюп баштайт.
Жыныстык жол менен көбөйүшү. Мындай көбөйүү жылына бир нече ирет гана жүрөт. Тактап айтканда, аралыктарын жүздөгөн, миңдеген чакырымдар бөлүп турса да, бир түрдөгү кораллдардан бир эле учурда миллиарддаган энелик жумурткалар менен эркектеринин уруктары (сперма) бөлүнүп чыгат. Мындай кезде суу киргилт тартып калат. Уруктанган түйүлдүк личинка же кичинекей полип деп аталат.
Мындай көбөйүү жаздын этегинде, жайдын башында жүрөт жана 5-6 күндү камтыйт. Болгондо да ай толгондон 1 же 2 күндөн соң. Кичинекей полип өсүүсүн токтоткон кезде бир жерге жабышат да, өсүп-чоңоё баштайт.

КЫЗЫКТУУЛАР Дүйнөдө 1 жылда 100 тоннадан ашык кымбат баалуу коралл өндүрүлөт.

  • Кораллдардын 3500дөн ашык түрү бар жана алардын өңдөрү өздөрү түзүлгөн органикалык кошундулардын санына жана курамына жараша болот.
  • Германиянын аймагынан мындан биздин заманга чейинки 35 миң жылдарга таандык коралл шурусу табылган.
  • 18-кылымга чейин кораллдар ташка айланган деңиз гүлдөрү катары саналып келген. Кийин гана окумуштуулар кораллдар – омурткасыз майда жаныбарлар экенин далилдешкен.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан