ЛУКАШЕНКО БАКИЕВДИ БАГА АЛБАЙ КАЛДЫБЫ?

Кримавторитет Камчы Көлбаев ысык Дубайдан Бишкектин СИЗОсуна алынып келинди, президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-германиялык алакага жаңы дем берүү үчүн Берлинге барды, Бишкек шаардык кеңешке депутат болчулар ачыкталып, Беларустун башчысы Александр Лукашенко ошол өлкөдөн баш паанек тапкан Курманбек Бакиевдин пенсиясын Кыргызстандан сурады... Бул аптанын саясат айдыңындагы баяны кыскача ушундай...

КӨЛБАЕВ ЧЫНДАП ЭЛЕ БИШКЕККЕ КЕЛДИ!
Буга чейинки сандарыбызды барактап көрсөңүз, Айсулуу Дүйшөнкулова аттуу чуулгандуу аялдын «жакында төңкөрүш болот, анда ок атылат» деген сөзүн жарыялаган элек. Кийин ал сөзүн төгүндөп, кептин баарын оюнан токуганын айтып чыкса да, «Камчы Көлбаев Бишкекке 11-ноябрда учуп келет» деп айтканы бир ай өтпөй чынга айланды. Дал келүүбү? Айсулуу айымдын чындап эле кримчөйрө менен байланышы барбы?
Курманбек Бакиевдин учурунда крим- дүйнөнү чеңгелдеп турган Камчы Көлбаев минтип 8-декабрда кишенделип алынып келинип, УМККнын СИЗОсунда 1 ай кармалмай болду. Ага карата коюлган айыптар өзүнчө бир куржун. Анда адам уурдоодон тартып кылмыштуу топ түзүү менен бийлик өкүлдөрүнө зордук көрсөтүүгө чейинки Кылмыш кодексинин беренелери каралган.
Дагы бир кызыктуу учур: былтыркы жылы дал ушул күндөрү ЖКнын спикери болуп турган Ахматбек Келдибековдун Камчы Көлбаев менен «капысынан» бир жерде эс алып калуусу ачыкка чыгып, бул чуу ага спикердин креслосунун баасына турган болчу. Атайын кызматта бул эки персонага байланыштуу көп кызыктуу маалыматтар бар экени айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан «Ата Журттун» лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков СИЗОдо отурбаса да, жылуу кабинетте титиреп араң отурса керек... Апрель окуясынан кийин бийликке келгендер биринчи орунга коррупцияга жана кылмыштуу дүйнөгө каршы күрөштү коюшарын убада кылышкан эле. Эки багытта тең активдүү иш алпарылууда.

ӨЛКӨ БАШЧЫНЫН НЕМИСЧЕ ЭРКИН СҮЙЛӨӨРҮН БИЛЧҮ БЕЛЕҢИЗ?
Президент Алмазбек Атамбаев Батыш Европага болгон биринчи сапарын Германиядан баштап, 10-12-декабрь күндөрү өткөн визиттин алкагында сөз козгоор учурлар өтө көп болду. Өткөн аптада жакынкы 5 жылга каралган өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын жар салган Алмазбек мырза анда белгиленген тапшырмаларды жүзөгө ашыруу үчүн өнүккөн мамлекеттердин бири, Европалык биримдикти бучкактап кармап, насыяны кеңири тараткан Германияны бекеринен тандабаса керек.
Жолугушууларда өлкө башчы немис тилинде да сүйлөп жатты. Окуучулук курагында немис тилин үйрөнгөн ажо маектеринде күн сайын эртең менен англис тилинен да сабак аларын айткан эле.
Президент Германияга болгон сапардын жыйынтыгын чыгарып жатып бир катар макулдашууларга кол коюлганын маалымдады. Анын ичинде 8,5 миллион евролук карыздын конверсиясы (эски карызды жаңы активге же карызды мүлккө алмаштыруу), Кыргызстанга 26 миллион евро грант бөлүү тууралуу документ бар. Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркелдин айтымында, жакында Кыргызстанга атайын эксперттер тобу келип, кызматташуунун тармактарын иликтеп кетишет. Эмки санда бул сапар тууралуу кеңири токтолуп өтөбүз.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ КИМДЕР КЕЛИШТИ?
Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңештин шайлоо жыйынтыгын аныктады. Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунун айынан коалиция ыдырап кетүү коркунучуна кабылып, 14 шайлоо комиссиясынын тилкесинде добуштар кайра эсептелип чыккан. Ошентип, 7 пайыздык барьерден өткөн партиялардын ортосунда депутаттык мандаттар төмөндөгүчө бөлүндү: КСДП – 21, «Республика» – 11, «Ата Мекен» – 7, «Замандаш-Современник» – 6. Тизме боюнча КСДП менен «Замандаш-Современник» өзгөртүү киргизген жок. Компроматтар согушунун катышуучулары болгон «Республика» Руслан Казакбаевди, «Ата Мекен» Жоомарт Сапарбаевди шаардык кеңештин депутаттыгына ыраа көрбөдү.

«БАКИЕВ АЧКАЛЫКТАН ӨЛҮП КАЛБАЙТ»
Беларустун президенти Александр Лукашенко Минск шаарында КМШ жана Балтика өлкөлөрү, Грузиянын башкы редакторлор клубу менен жолугушту. Анда журналисттер Курманбек Бакиевдин тагдырына кызыгышып суроо узатышканда Лукашенко: «Бакиевдин маселеси кыргыз-беларусь мамилесинин ортосунда бүгүн көйгөй эмес. Силерге Бакиев керекпи? Эмне үчүн? Адам жашады, кетти, ар кандай боло берет. Андан көрө ага эмне себептен пенсия которулбай жатканын айткылачы? Пенсияны чегеришиптир, бирок жөнөтпөй жатышат. Албетте, Бакиев ачкалыктан өлүп калбайт. Ага жол бербейбиз. Бирок пенсияны которуу керек»,- деди.
Беларустун башчысы биздин мыйзамдан кабары жок окшойт, анткени президенттиктен куулган кыргыз ажолору пенсиядан кур жалак калышат. Анын үстүнө Бакиев бийлигинин соңку жылдарын эстесек, өлкө коррупцияга белчесинен батып, өлкө казынасына түшө турган каражаттар Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн чөнтөгүнө түшүп калган. Лукашенко Бакиевди өтө эле байкуш жана жакыр кейипте көрсөттү. Бирок ал элдин кыжырдануусун ого бетер күчөттү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (113)
adik.01
2012-12-21 19:29:42
Бакиев жеди-жеди эле дешет, как будто башкалары келип жебей онуктуруп жаткансып...! Бакиев жесе да онуктуруп жаткан эле... Башкалары Келди бир да озгоруу болгон жок!
-1
_xXx_
2012-12-22 18:03:02
adik.01, кандай эле онуктурду бакиев айтчы кана? Аз жерден дем алган абага да налог тологонубуз эле калдыго, эх кыргыздар ушундайбызда болунуп жарынып бирин бири артка тартып эле турабыз.
0
Cataclysm
2012-12-21 20:16:34
Бакиев эмнени онуктурду?жон гана жеп эле олтурду,жесе дагы онуктурду дейсинер,журобергиле анда жедирип коюп,азыр Бакиев болгондо журмокпуз тезек терип,эмне ошондой келекти каалайсынарбы?Жаны бийлик деле эчтекени кыйрата элек,бирок эмнени кыйратат,бакиев госбюджеттин баарын алып кетип калса,анан жаны бийлик айла жок карыз сурайт,эмне кылат анан котко тепсен кокон тыйын чыкпаса
0
4alkan
2012-12-22 20:01:40
Cataclysm, бали, сага окшогон акылы терен корогоч адамдар кобойсун.
0
4alkan
2012-12-21 20:24:51
озгорууну сезбесен сенин кокурогун сокур
0
Apyz
2012-12-22 00:24:42
жаманбы жакшыбы ал биздин призидент болду. кичине болсо да адам катары сыйлап койолу. сенден да менден да аданда калат ушу 5 кундук дунуйо.
0
4alkan
2012-12-22 20:00:24
Apyz, сыйга сый, сыр аякка бал дейт... сый урматка да татыктуу болуш керек, акылы менен, айколдугу менен, корогочтугу менен, боорукердиги менен, кен пейилдиги менен. тилекке каршы андай сапаттын бирин коро алган жокмун ал кишиден
0
Adiko87
2012-12-22 01:33:02
Бакиев сага пенсия ким берет акчан тугонуп баштадыбы айлан
кеттип жатабы кот
0
Zulfiyanur
2012-12-22 02:49:00
Baaryn ele Bakiev'di jamandap jazipsin,ozunordu bilip,anan Bakiev'ge otsonor.Al silerge emne kildi?eldin baari azir Bakievdi kutup olturat,silerdin uluu urmattuu Atambaev'iner eldi aldap,ak4a menen oozun tiyip olturat
0
osh_kg
2012-12-22 10:24:07
Zulfiyanur, тууру айтасын свет жок газ олтурганынар эмне себептен болуп жатат Бакиев президент болгон убакта свет газ очконун кордунорбу.
0
4alkan
2012-12-22 19:52:54
Zulfiyanur, кайсы эл кутуп жатыптыр? эл учун жооп бербесен, озун учун жооп бер, ойноп суйлосон да ойлоп суйло дейт. Атамбаев сага акча бердиби, абдан бактылуу окшойчун ээ?
0
osh_kg
2012-12-22 10:15:33
немисче суйломоктугул башка тилде суйлобойбу тим эле мактайсынарда тил тил менен бул жакта свет газ жок болуп жатканда кичине элди ойлосо болмок улуу урматтуу АШАбыз
0
_xXx_
2012-12-22 18:07:59
osh_kg, э... бакиевди сагынгандар кобойуптур э. ... Ну вы даёте да.ха-ха!
0
4alkan
2012-12-22 19:56:37
osh_kg, а свет менен газды Атамбаев чонтогуно салып алыптырбы? болунбогуло дейсин кайра эле оз корооно таш тушоорун билбей. кабарлардан коргозгон квартира бергендердин баары эле ошмяктарсынар, андай мыкты экенсинер ошунарда эле жашай бербейсинерби темселебей..., бир карын майды бир кумалак чиритет болуп, бут элге тил тийгизип жатасын
0
altinim
2012-12-22 12:19:31
бирин байкем жакшы бирин акам жакшы дейсинер алар деген саясатчылар, биз бул талашып отурганыбызда алар жегенин жеп,алганын алып,болгонун болушуп отурушат биз мн алардын сокур тыйынчалык иши жок. Карапайым бийлике шайлап беруу , ак уйдон жылуу жумшак креслону тартып алуу учун эле керекпиз, тилди азыр садиктеги балдар деле кеминде англис же орус тилин оздоштурот
0
admin_AGAT
2012-12-22 20:00:32
4alkan - сизге эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
0
miki98
2012-12-23 19:47:57
ммм да менин ишим деле жок.мени кыргызстан баккан жок лично.мени орусия багып жатат иш берип бар бол ПУТИН ДЯДЯ.биз сиз м-н.атамбай бакир акай бул откон чак.биз келер чакты умуттонушубуз к-к озунду озун багу деген олко кыргызстан аман бол КЫРГЫЗСТАН.
0
miki98
2012-12-23 19:49:27
эээмоцияга алдырбагыла Кыргызым андан коро жашообузду озубуз ондошубуз к-к.
0
kyba60
2012-12-24 02:24:43
Көңүлүңөрдү чөктүрбөгүлө баары жакшы болот.
0
Voin.teni
2012-12-24 02:31:27
Бакиевдин тарабын талаша бербегилечи, жамандаган да туура эмес, бир тараптан карасан ар бир адам жаман болуп чыгат, ар тараптан карап таразалап анан суйлош керек. Негизи ак ит кок ит баары бир ит деген соз бар го... Жакшы президент келсе да артын чукуп жамандап салчу адамдар бар, биз ишенчээкпиз...канча адам бар болсо ошончо ой бар, баарына тегиз жаккан президент жок и болбойт дагы мен кепилдик берем!
0
N.Bakazova
2012-12-25 16:00:11
Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт. Бакиев да жанылып-тайып кетти. Акаев кеткенде Бакиевди мактап жактап эле журушподу беле. "качты" деп эле куноолойсунор, качкандан да томон адамдар Ак уйдо журушот. Андай болсо Бакиев менен табакташ болгон адамдардын да пенсиясын бербей коюшсун. Ким канчалык куноолуу экенин жараткан озу таразалайт. Антип бироону каралап , жамандагандан пайда чыкпайт. . . ! ! !
0
shok_Jigit
2012-12-26 01:58:30
Бекерчиден бекер соз андан коро оз келечегинерди ойлогулачы тил менен буудай кууруй бербей!Биздин элде эки жуздуулор коп шамал болгон жака кете берет озун бир орунда кармай албайт ошондуктан биз онолбойбуз,Биздин жаштар бийлике келип закон кучуно кирмейинче Кыргызстан эч убакта онолбойт,Баардыгы акча менен окуп,пара менен ишке кирип акчасы бар бийликте билими кучтуу дворник эшикте,Кой баккан Сабыр а тамганы билбеген министир,ЖОЖду Буткон Кадыр Журот бала чака бага албай Бишкекте мына ушундай!
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан