ТҮРКИЯНЫН «TRT AVAZ» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ «СУПЕР-ИНФОДО» КОНОКТО БОЛДУ

12-декабрда Түркия мамлекеттик телерадио корумунун алдындагы «TRT Avaz» телеканалынын жетекчиси Аднан Сүер «Супер-Инфо» гезитинин редакциясына келип конок болуп кетти. Аны гезиттин президенти Шаиста Шатманова, вице-президенти Айсулуу Алимбекова жана башкы редактору Бурул Исмаилова тосуп алышты.
Аднан мырза «Супер-Инфо» гезити менен кызматташууну күчөтүү тилегин билдирди. «Супер-Инфо» гезити менен бир жылдан бери иштешип келебиз, мындан ары да кызматташтыгыбыз уланат деп ишенем. Кыргыз элин сиздер аркылуу тааныгыбыз келет. Анан, албетте, кыргыз тилин өздөштүрүү үчүн сиздердин гезитти пайдаланам»,- деди Аднан мырза. Алыстан келген коногубуз гезиттин иш процесси, жамааты менен таанышып, жылуу маанайда коштошту.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын жай айларында гезиттин башкы редактору Бурул Исмаилова менен SUPER.KG порталынын оператору Сергек Шатманов аталган каналдын колдоосу менен Түркияда «TRT Avaz» телеканалында тажрыйба алмашып кайтышкан.

 Кыстарылган видео 
Түркиянын TRT Avaz телеканалынын координатору Аднан Сүер “Супер-Инфодо” конокто
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
TolonturCN
2012-12-20 18:46:14
Абдан жакшы маек болуптур. негизи эле түрүк тектүү улуттар бекем ынтымакта жашаган жакшы.
0
akrosa
2012-12-20 22:43:11
турктор жакпайт
0
imperator
2012-12-21 04:21:45
a.q. sktr turk.
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан