АКЫР ЗАМАН БОЛОТ ДЕП АДАМДАРДЫ ДАЛАЙ ИРЕТ КОРКУТУШКАН. АГА КАРАБАЙ ЖАШОО УЛАНЫП КЕЛЕТ!

«АКЫР ЗАМАН БОЛОТ» ДЕП ДАЛАЙ ДАТА АЙТЫЛГАН...
Эл арасында кеңири тараган «акыр заман» деген түшүнүк Жер жүзүндөгү цивилизациянын, тирүү жандыктардын, ал гана эмес, ааламдын жок болуп кетишин түшүндүрөт. «Акыр заман болот» деп айтылып келе жатканына быйыл туура 1979 жыл болот. Тагыраак айтканда, биздин замандын 33-жылынан тарта акыр заман деген түшүнүк кеңири кулач жайып, ушул кезге чейин эл оозунан түшпөй келет.
Инжилди изилдеген христиан дининин айрым өкүлдөрү 33-жылы жашоонун акыркы мүнөттөрүн көз алдынан өткөрүп жаткандыктарын билдирип, алаамат башталар күндү күтүшкөн. Бактыга жараша, алар күткөн күндөн дайын жок, жыл тынч өтүп, бүгүнкү күнгө чейин адамзат аман-эсен өмүр сүрүп келатат. 33-жылдан тартып 2011-жылга чейин кыямат болот деп 150гө жакын даталар белгиленген. Алсак, 1999-жылы эсептөөлөрдү жүргүзүп чыккан билерман астрологдор «Жерге чоң комета түшөт» деп жыл башынан айтып башташкан. Жыл бүткөнчө улам бири жаңы датаны айтып, элди коркутушкан.
Андан кийинки 2000-2011-жылдар аралыгында бул сөздөрдүн аягы тыйылбай, «Жер планетасы астероид менен кагылышат, кара көңдөй жерди жутуп алат, планеталардын парады болот, Жердин Айдан башка дагы экинчи спутниги пайда болот, Жер бетиндеги жашоо жок болот» деген билдирүүлөр улам айтылып, адамдардын тынчын алып келди. Бирок ушул күнгө чейин Жер бетинде жашоо уланууда.

2012-ЖЫЛ, 21-ДЕКАБРЬ
Тынчып калган дүйнө элин кайрадан козгоп, «21-декабрда дүйнө жок болуп, жаңы Алтын доор башталат экен» деген кеп тарады. «Бул ирет акыр заман байыркы майя уруусунун календарынын бүтүшү менен белгиленип, ал күн азыркы календарь менен 21-декабрь же 23-декабрга туура келет» дегендер чыкты. Бул күнү Жер бетинде табигый кырсыктар башталып, ал эми кээ бири ааламдын тереңинде жаткан Жерден көлөмү төрт эсеге чоң болгон Нибиру планетасы Жер менен кагылышарын айтууда. «Акыр заман 21-декабрда башталат» деген кепти тараткандардын бири, тибеттик кечилдин айтымында, планеталар бир катарга тизилип параддан өтүшөт. Күндүн бети көрүнбөй, ааламды караңгылык каптап, электр жарыктары бүт өчүп, Жер бетинде тынчтык өкүм сүрөт. Суу каптап, жер титиреп, табигый кырсыктар менен коштолуп, адамзаттын 10 пайызы дүйнө менен кош айтышат имиш. Бул кырсыктан ширеңке, суу, шам, жылуу кийим-кече, азык-түлүктөрүн камдап, шаардан алыс чыгып кеткендер аман калуусу мүмкүн экенин тибеттик кечил айтып, элди дүрбөттү.

АНЫ БИР КУДАЙ БИЛЕТ...
Ислам дининде кыямат эң акыркы пайгамбар Мухаммед жашап өткөндөн кийин башталат делген. Бирок анын кайсы күнү болорун бир гана Жараткан өзү билет. Ошондой эле динде акыр замандын алдында адамзатка белги берилери айтылган. Алардын бири – Күн чыгыштан эмес, батыштан чыгып, түштөн кийин кайра батышка батат. Мына ушундан кийин гана Жер бетинде алаамат башталат делет.

ОКУМУШТУУЛАР «КОРКУНУЧ ЖОК» ДЕШЕТ
Окумуштуулардын айрымдары 21-декабрь күнү планеталар бир катарга тизилип, параддык жүрүш болорун белгилешүүдө. Анын таасиринен Жерде климаттык өзгөрүүлөр, табигый кырсыктар болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Бирок бул айтылгандардын баары жалган экендигин америкалык НАСА уюму билдирди. Жогоруда айтылып жаткан Нибиру планетасы жөнүндө аталган уюмдун кызматкерлери: «Эгер Нибиру планетасы Жер менен кагылыша турган болсо, ал Жерге жакындамак жана 2010-жылы эле көзгө көрүнүп калмак. Дүйнөдөгү космоско байкоо жүргүзгөндөр алда качан байкашмак. Корко турган эч нерсе жок»,- дешет. НАСАнын окумуштуулары 2013-жылы 13-февралда 29 000 чакырым алыстыктан Жерди бир гана астероид жандап өтөрүн жана анын эч кандай коркунучу болбой турганын билдиришет. Андыктан дүрбөлөңгө түшүп, ызы-чууга алдырбай ишиңизди уланта бериңиз, акыр заман болбойт!

ИШЕНГЕНДЕР ДА БАР
Дүйнө коомчулугунда жогорудагы бүбү-бакшылардын айткандарына ишенип, даярдык көргөн адамдар да бар. Европа, Америкада айрым тургундар кийим-кече, азык-түлүгүн дайындап, бункерлерге жашынууда.
Украинада шампан чыгаруучу заводдун жетекчилиги коргонуу үчүн каалаган жарандарды бул күнү ичимдиктер сакталган жер төлөгө чакырууда. Кирүү акысыз жана 4000дей киши батат.
Айрым франциялыктар аман калуу үчүн Бюгараш деп аталган тоонун башын көздөй бет алышса, Арменияда букмекерлик кеңселер спорттук мелдештерде байге сайып жүргөн кумарчыларга эми акыр замандын болор же болбосу тууралуу сайыш уюштурууну көздөөдө.
Кыргызстандыктар да бул көрүнүштөн улам бүлүк түшпөй койгон жок. Кээ бири базарлап, азык-түлүк топтоп жүрсө, айрымдары көп кабаттуу үйүнөн шаар четиндеги жер тамдарына көчүп кетип жатышат. Акыркы алынган маалыматтарга таянсак, Бишкектеги «Ош базарында» сатыкта шамдар түгөнүп калган.

МУФТИЯТ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Коомчулукта 21-декабрга байланыштуу ар кандай ойлор жаралып жаткандыгынан улам Кыргызстандын муфтийинин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев жалпы журтка кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө: «Шарият боюнча, келечегиңди алдын ала айтуу күнөө болуп саналат. Андыктан акыр кыяматтын кайсы күнү болорун да айтуу күнөө. Динде айтылгандай, учурда акыр замандын белгилеринин бири да билине элек. «21-декабрда жашоо жок болот» деген жалган. Мен сиздерди бул маалыматка ишенбөөгө чакырам»,- дейт муфтий.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
«АКЫР ЗАМАН БОЛОТ» ДЕГЕНГЕ СИЗДИН ОЮҢУЗ?

Адылбек Акматов, Баткен облусу:
– Сырткы күчтөргө ишенем, бирок «21-декабрь күнү акыр заман болот» деген сөз акылга сыйбаган нерсе. Себеби ал күн жакындап калды, ал эми табигый кырсыктар тууралуу жаратылыш эч кандай кабар берген жок. Бул жөн гана ойдон чыгарылган сөз.

Гүлнара Кыдыралиева, Нарын облусу:
– Бир ишенсем, бирде ишенбей кетип жатам. Бирок болбой койгону адамзатка, дегеле ааламга жакшы. Эч кандай деле даярдык көргөн жокмун. Кудай көргөзгөн күндү көрөбүз да эми. Кайда качмак элек?!

Эркин Кулназаров, Нарын облусу:
– Мындай божомолду жыл сайын эле айтып келатышат. Былтыр да болот деп айтылган. Дүрбөлөң түшүүнүн деле кереги жок. «Планеталардын парады болот экен» дегенге гана бир аз ишенип турам. Үй-бүлөбүз менен жакшы тилекте Жаңы жылды тосууну ниет кылып жатабыз.

Динара Приева, Ош облусу:
– Бул акыр заман эмес, доор алмашуу деп аталат. Бир күн болбосун, бир күнү сөзсүз болуучу нерсе. Андан чочулап коркуунун, аман калам деп аракет кылуунун кереги жок. Болгону, буга даяр болуш керек. Күнөөсү көптөр кырсыкка туш болушу мүмкүн, күнөөсүздөр аман калат дегендей.

Бекмамат Айдаркулов, Ош облусу:
– Мен буга такыр ишенбейм. 2-3 жыл мурун чочко тумоосу деп кайсы бир топтор өздөрүнүн дарыларын сатыш үчүн паника жаратышкан. Бул да кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн жаралган нерсе. Чынында, 21-декабрда күн тутулушу мүмкүн, андан башка эч нерсе болбойт болушу керек.

Гүлмира Темирова, Ысык-Көл облусу:
– Акыр заман болот, бирок качан болорун бир Алладан башка эч ким билбейт. Кыямат болот экен деп коркпой, ал күн эртеби-кечпи келерине ишенип, мусулмандык парзыбызды аткаруубуз зарыл. Эмне болгон күндө да көпчүлүк менен, Кудай буюрган нерсени эл менен бирге көрөбүз.

Чолпон Кулманова, Талас облусу:
– Буга ишенбейм. Аны көбүртүп-жабыртып жиберген ортодогу ушакчылардын сөзү деп эсептейм. Жер-жерлердеги суу ташкыны, жер титирөөлөр сыяктуу табигый кырсыктардын өзү эле акыр замандын болуп жатканы болсо керек.

koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (67)
rmeder94
2012-12-20 01:19:08
бул нерсе жалган
0
balam
2012-12-20 01:44:22
Akyr zamandyn kachan boloorun ech kim ayta albait...Kuday saktasyn
0
T-1000
2012-12-20 11:54:41
Да бир версия боюнча 21 куну дуйнону айтылуу зомбилер каптайт имиш!
0
talant.elmira
2012-12-20 14:36:17
Бул созду товарын откозуш учун гана бир бекерчи ойлоп тапса керек. Баары бир гана Алланын колунда
0
nurikgulya
2012-12-20 19:08:56
АЛЛАХ озу бизге ырайым кылган болсун! кыямат кундон эч бир адам кутула албайт. ал куну жер бетинде жашоо токтоп, бардык тируу жандыктар олуп, АЛЛАХТЫН кудурети менен тоолор бийик шаарлар тегизделип жерден чыгып турган эч нерсе калбайт деп уккам. кыямат кунундо оз жаныбызды эч бир амал менен коргой албайбыз. кыямат кунуно ишенуу менен ага даярданыш керек. АЛЛАХКА тообо келтирип намаз окуп, акыретке сооп жете турган жакшы иштерди кылуу. АЛЛАХЫМ журогубузго ыйман берсин. ыймандуу пенделерден кылсын
0
Muzi
2012-12-20 20:12:43
Ким олсо ошого акыр заман
0
ali.11
2012-12-20 20:49:28
окумуштуулар и башкасы баары эле тантырай беришетда, билип билбей эле!!! болбой калса ошол болот деген адамдар уялышат бекен а???
0
sweetypie
2012-12-20 22:26:25
корком
0
Myrza_Kaiyr
2012-12-20 23:21:25
Адам баласы ар турдуу болот экен да, бирине "А"ны айтсан анысы барып тигинисине "А"га кошуп "Б"ны да айтат... анан дагы пендечиликке шылтап коюшат дагы...
бирок Кудайыма шугур ушундай Сабырдуу пенделер бар экенине...
0
Bishkek
2012-12-21 03:16:09
kudai ozu caktacyn.kudaidan ech kim chon emec kudai ozy beret kudai ozy alat.
0
messidinho
2012-12-21 15:45:54
я конец света проспал.. жив,!
0
Nynysh
2012-12-22 04:06:09
Мына Аллах буйруп 21да кундогудой эле отту, жумушка барып уйго келип дегендей, мындан ары да ошондой эле болсун, Аллах таала умотторуно эмнени насип этсе ошону коробуз. Мен бардык адам затына тынчтык, ден соолук, аманчылык тилейм, кала берсе келе жаткан 2013 жаны жылынар менен куттуктайм. Элибизге, журтубузга ушул жыл оомат жылы болсун! Мамлекетибиз онугуп бутуна турсун!
0
gul_555
2012-12-22 15:49:39
bolbogon soz! Allah bizdi uwul kungo 4eiin saktap kelgen myndan ary da saktai beret! nietti tuuru kylsak baary jakwy bolot...
0
Kantemir
2012-12-23 21:42:32
Бугун 23у акыр заман болдубу? Эч качан ишенбегиле бироолордун созуно,бир кудайга гана ишенгиле.
+1
Ala-archa
2014-12-22 12:22:25
"Инжилди изилдеген христиан дининин айрым өкүлдөрү 33-жылы жашоонун акыркы мүнөттөрүн көз алдынан өткөрүп жаткандыктарын билдирип"- деп жазыптыр, бирок авторго айтарым 33-жылы инжил жазыла элек болчу, анан кантип христиандар инжилди изилдесин?
0
№ 528, 14-20-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан