УМККнын СИЗОсунда отурган ЖКнын депутаты Садыр Жапаров «Кумтөр» маселеси боюнча мамлекеттик комиссия отчёт берген күнү парламенттин жыйынына катышуусун камсыз кылып берүүнү суранат. «Кумтөр» маселеси боюнча Жогорку Кеңештин, анын комиссиясынын төрагасы катары менин дагы кыргыз коомчулугунун астында жоопкерчилигим бар деп эсептейм. Бул боюнча бети ачыла элек кылмыштуу фактылар дагы бар экендигин сиздердин эсиңиздерге сала кетүүм абзел. Ошондуктан Кыргызстандын дагы алданып калууга укугу жок. Тарых кечирбейт»,- деп жазган өз кайрылуусунда Садыр мырза.
Маалымат үчүн: 2012-жылдын 15-февралында «Кумтөр» маселеси боюнча 10 депутаттан турган комиссия түзүлүп, 20-июнь күнү Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин алдында отчёт берген. Бирок Жогорку Кеңештин комиссиясынын сунушу көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болгон эмес. Ошол себептен 29-июнь күнү Мамлекеттик комиссия түзүлгөн.