2013-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

Жылан өзүнүн планын чыдамдуулук менен узакка бышырып жүрө берет, бирок керектүү учурда ал чагылгандай тездик менен чечкиндүү кадам таштайт. Андыктан бул жылы акыл калчап, баарын таразалап, жакшылап пландап, анан керектүү учурда кескин секирик жасоо керек. Негизи, Жылан жылы күтүлбөгөн өзгөрүүлөрдү, туруксуздукту алып келери тарыхта тастыкталган.

2013-ЖЫЛ – АЙ ЖЫЛЫ ЭКЕНИН ДА УНУТПАҢЫЗ!
Ай жылы ар бир 7 жылда кайталанып турат. Эгер сиз 2013-жылы 7, 14, 21, 28, 35, 42, 49, 56, 63... жашка чыккан болсоңуз, анда бул жылы жолуңуз болот. Анткени Ай жылында ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүктөр абдан чоң. Адамдар жан дүйнөлөрүн тазалап баштап, дүйнөнү калыпка келтирүүнү каалап чыга келишет. Туура жашоого кадам ташташат. Ушундан улам көптөр жакындарына көбүрөөк кам көрүп, жагымдуу энергияга ээ болуп чыга келишет.
Ай айыл чарбасы жана туризм, мейманкана бизнеси менен да тыгыз байланышта болгондуктан, айтылгандар гүлдөп-өнүгөт. Ымыркайлар көп төрөлөт.

КЫРГЫЗСТАНДА
(Бишкектеги көзү ачыктардын 2013-жылга карата божомолдору)

  • 2013-жылы банк сферасы, фармакология, камсыздандыруу жана өзгөчө кырдаалдар кызматында чоң өзгөрүүлөр, реформалар жүрөт. Чек ара кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт.
  • Жаштар өтө активдүү болот. Өз идеяларын жана позицияларын 3 этапта алып чыгышат: март жана апрелде, июнь жана июлда, октябрь жана ноябрда.
  • Күздө электр энергиясына болгон баа көтөрүлүшү мүмкүн.
  • Бийлик кризиси тереңдейт. Жазында партиялар тиреши курчуйт. Парламент таркашы мүмкүн. Ахматбек Келдибеков менен Өмүрбек Бабановдун жылдызы кайра жанат. Кызматка келүүлөрү мүмкүн.
  • Кышта кар көп жаап, суук болот. Жаз кеч келип, түшүм орточо болот. Жай ысык жана кургак болушу күтүлүүдө.
  • Ичеги-карын оорулары көп катталат.
  • Дин башкармалыгында орун алмашуулар жүрөт.

Сүйүнчү жана күйүнчү кез кайсылар?

  • 24-январдан 14-апрель аралыгында саясаттагы жаңы аракеттер, кадамдар каалаган жыйынтык алып келбейт. Ушул аралыкта адамдардын жашоо деңгээли төмөндөйт. Анткени киреше азайып, банкрот болуу коркунучу күчөйт. Аба ырайында кескин өзгөрүүлөр жүрөт.
  • Апрель, май, июнь айларында азык-түлүктүн (өзгөчө ундун) баасы кымбаттайт.
  • Майдын 15инен тартып июнь ичинде коомдо толкундоолор, масштабдуу акциялар, аскерий кагылышуулар, террордук актылардын болушу мүмкүн.
  • 20-25-май аралыгы материалдык кыйынчылыктын, валютанын курсунун түшүшүн, насыя келишимдеринин туруктуу болбошун шарттайт. Андыктан кылдат болуу кажет.
  • 2-13-июнь, 24-ноябрдан 25-декабрга чейинки аралык бизнести өнүктүрүүгө ийгиликтүү.
  • 26-июндан тарта өз алдынча жашап баштоого, бизнес ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
  • Июндун этеги, июлдун башында суу каптоо, жер титирөөнүн болушу күтүлүүдө. Жаңы вирустун чыгышы жана коомдо баш-аламандыктын өкүм сүрөр мезгили да ушул аралык.
  • 13-июлдан тартып демократия, эркиндик жана көз карандысыздык боюнча көз караштардын алмашканы билине баштайт. Эл мурункудан күчтүү, эркин болуп чыга келип, максаттарын ишке ашырууга киришип, чыгармачыл потенциалдарын ачат.
  • 20-августтан тартып сентябрдын аягына чейин саясатта, экономикада өзгөрүүлөр жүрөт.
  • 19-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин үй-бүлө очогун тутантууга эң ылайык мезгил.
  • Октябрда айрым министрлер алмашышы мүмкүн. Аскер кызматында, сот системинде өзгөрүүлөр болот.
  • 19-26-октябрь аралыгында ар нерсени кылдаттык жана орду менен жасап, мамилелерде этият болбосо, бардыгынан кол жууп, баарын башынан баштоого туура келүү коркунучу бар.
  • Ноябрь, декабрь карьерадан жогорулоого, киреше табууга ылайыктуу.

ДҮЙНӨДӨ

  • Жазында жана кышында дүйнөнүн көп өлкөлөрүн жугуштуу оорулар каптайт.
  • Жайында илимге белгисиз жаңы вирус пайда болот.
  • Иран менен Израилдин ортосунда согуш оту тутанышы мүмкүн.
  • Ыраакы Чыгышта чек ара маселелери курчуп, аскерий кагылыштар болушу ыктымал.
  • Японияда, АКШда, Улуу Британияда жана башка бир катар өлкөлөрдө цунами, суу каптоолордун болушу күтүлүүдө. Европанын бир катар өлкөлөрүн өрт каптайт. Уйкудагы айрым жанар тоолор жандана баштайт.
  • Орусияда. 1) Февралда Орусияда саясатта чоң окуялар орун алат. Катаал мыйзамдар, жазалар киргизилет. 2) Этникалык кагылышуулар болушу мүмкүн.
  • Алтын кымбаттайт.
  • Дүйнөлүк экономикалык кризис күчөйт. Андыктан бул кайсы өлкө болбосун таасир этип, көптөгөн адамдарга каржылык жоготуунун алдын алуу өтө кыйынга турат. Жыйынтыгы ажырашуулардын, өз өмүрүнө кол салуулардын көптүгүнө алып келет.
  • Кээ бир өлкөлөрдө саясий төңкөрүш болуп, бийлик алмашат. Айрым министрлер менен президенттердин өмүрүнө кол салуулар болот.

ДАЛ КЕЛГЕН БОЖОМОЛДОР
2012-жылы эмнелер күтүлөрү тууралуу биз жазган божомолдордун көпчүлүгү туура келиптир. Баарын батыруу кыйын, андыктан мисалдарды гана келтирели.

Божомол: 7 облуста тең жер алдындагы чыңалуулар күчөйт. Жазында сел жүрүп, кар көчкүлөр көп болот.
Тактасак: 2012-жылы күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу 430 факт катталган. Көпчүлүгүн табигый жана техногендик кырсык түзөт. Мисалы, 9 айда эле 218 сел каптоо, 81 кар көчкү катталган. Кырсыктардан 39 адам каза тапты.
Божомол: Октябрдан баштап саясатта, коомдо өзгөрүүлөр, окуялар көп чыгат.
Тактасак: 3-октябрда С.Жапаров өткөргөн «Кумтөр» боюнча митинг 3 депутаттын камакка алынуусу менен аяктады. Учурда алар «Ак үйдү басып алууга аракет жасады» деп шектелүүдө.

  • 12-октябрь күнү экс-президенттин уулу М.Бакиев Лондондо кармалып, ошол эле күнү күрөө менен камактан чыкты.

Божомол: Жылдын экинчи жарымында айрым министрлер, ири жетекчилер алмашат.
Тактасак: Сентябрдын башында Ө.Бабанов жетектеген өкмөттүн курамы тарап, Ж.Сатыбалдиев баштаган жаңы министрлер кабинети бекитилди.
Божомол: Жыл ичинде боор, ашказан-ичеги оорулары көп катталат.
Тактасак: Күздүн аягы, кыштын башында боор оорулары, анын ичинде гепатиттин А түрү көп катталды.
Божомол: 2012-жылдын январь, февралы суук, кар калың болот. Жаз 20-апрелде өз өкүмүн сүрүп калганы менен, жер бат кургап кетет. Айдап-себүү ыкчам болбосо, түшүм аз болуп калат. Жай кургакчыл болот.
Тактасак: Айтылгандардын баары туура келди.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Kurbanalieva1991
2012-12-24 10:51:04
Жылан жылы балык жылыдан да катаал болот турбайбы,эн жаманы ичеги карын ооруулары коп болгону экен.
0
Bagirra
2012-12-24 11:24:40
Azyr Suu dooru bolgonduktan butkul jer juzu boiuncha klimat ozgordu.
Kudai ozu saktasyn. Kyrgyz elime ushul jyl jakshylyktyn jyly bolsun...
0
avrora82
2012-12-24 16:20:44
Кудай озу сактасын дуйнону,анын ичинде кыргыз элимди,дуйнодо тынччылык болсун,элимдин жашоосу жакшырсын!!!Ар бир пендеге жараткан озу ыйман берсин!
0
bopos
2012-12-24 18:11:48
КУДАЙ САКТАСЫН!каяктагы жомокторду конулго албай эле туралычы андыктан жыл башынан жакшылыкты тилеп отуралы достор.мына "конец света"деп бироо чыгарып койду эле кудай сактасын дегилечи болгон деле жок,жамандык артта калып эле журо берели.ынтымактуу,ырыскылуу кыргызстандыктар деген атка конуп журо берели!
0
Asiyo
2012-12-24 21:10:37
bopos туура айтасын кудай сактасын!Бир гана Жаратканга ишенуу керек!
0
Alima96
2012-12-25 15:12:29
Kudai saktasyn.Elibizde, jeribizde tyn4ylyk bolsun.
0
Kantemir
2012-12-26 13:33:28
Кудай сактасын дейли. Божомолунар конец светадан деле отуп кеттиго.
0
Atlantida
2012-12-28 08:54:33
Ар иш кудайдын колунда! Жаны жылыбыз жакшылыктын жылы болсун деп тилейли.
0
Baku
2012-12-28 19:19:12
Кыргыздардын суроту калбай калыптырбы? Ушуга да ишенесинерби?
-1
shirin27
2012-12-31 01:38:14
Shirk Jana shirk Astafur Allah , bir gana jaratkan ozu bilet, biluuchu Jana koruucchuu, Kim jazsada da Allah ozu kechir sin Toobo.
0
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан