ЖЫЛАН ЖЫЛЫН ТОСУУГА ДАЯРДЫК

Ар бир жыл белгисинин өзүнө тиешелүү мүнөзү болот. Алдыда Чыгыш календарына ылайык Жылан жылы келатат. Кирип келе жаткан Жаңы жылды кантип тосуп алуу керек? Жылга ылайыктуу кандай түскө басым жасап, кандай белектерди тандаган туура? Эмесе, астрологдордун көрсөтмөлөрүнө көңүл буралы.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЖАСАЛГАЛАР
Жаңы жылды тосууда майрамдык маанайга шаң кошуу үчүн үйдү жасалгалайт эмеспизби. Алдыдагы Жылан жылын тосуу үчүн үйдүн ичин жана балатыны жыландын фигуралары менен кооздоңуз. Мындан сырткары жыландын стихиясы (табияттагы күчү) суу болгондуктан, майда деңиз жаныбарларынын сүрөттөрү, ушундай оюнчуктар кооздук үчүн эң керек. Мисалы, деңиз жылдызы, балык, ракушка, осьминог. Мунун баарына акча коротуп сатып албастан, кагаз, чопо, кездемелерден колго эле жасап койсо болот. Ал эми жыландын космостогу элементи от болгондуктан, жыттуу шамдарды күйгүзүп, балатыга электр шамдарын асып коюуга болот.

КАНДАЙ ТҮСТӨГҮ КИЙИМ ЫЛАЙЫК?
Бул жыл кара, суу жыланынын жылы болгондуктан, кара, кара күрөң түстөргө басым жасалат. Андыктан келаткан жылда кара, кара көк жана жашыл түстөгү кийимдерди кийүү сунушталат. Кийимдер атлас, жибек сыяктуу жылмакай кездемелерден болгону жакшы. Жылтырак болсо андан да жакшы.

ЖЫЛАН ЫЗЫ-ЧУУНУ ЖАКТЫРБАЙТ
Жыландар ачык мейкиндикти жана ызы-чууну жактырышпайт. Андыктан Жаңы жылды жакын туугандар, достор менен тар чөйрөдө тосуу сунушталат. Буга өз үйүңүз ыңгайлуу.

КАНДАЙ БЕЛЕКТЕРДИ ТАРТУУЛОО ТУУРА?
Тээ илгертен жыланды даанышмандыктын, көрөгөчтүктүн символу катары белгилеп келишет. Андыктан белек берүүдө күнүмдүк турмушта дайыма колдонууга ылайыктуусун тандаган оң. Негизи, жыландын элеси түшүрүлгөн буюмдар жаңы жылдык белек болуп бере алат. Майда деңиз жандыктары – балык, осьминог, ракушкалардын кейпиндеги белектер да жарайт. Анан, албетте, бүгүнкү күндүн талабына ылайык электрондук техникалар (ноутбук, телефон), зер буюмдар же жыпар жыттуу атырлар (ал адамдын табитин билсеңиз) ар качан туура белек болуп саналат.

Айымдар үчүн
Айымдарга эң жакшы белектер – зер буюмдары, анткени жылан байлыкты жактырат. Быйылкы белектердин катарын косметикалык каражаттар да толуктайт. Жыландын, майда деңиз жандыктарынын элесин чагылдырган жумшак оюнчуктар, кийим-кечелер, сумка, браслеттер да жарайт. Үй-бүлөлүүлөргө тиричилик буюмдарын белек кылса туура.

Мырзалар үчүн
Мырзаларга бул жылы тиричилик шаймандарын, электрондук техника, кийим-кече ылайыктуу. Кайыштан жасалып, жыландын элементтери түшүрүлгөн кур, саат, борсетка (кичинекей асынма сумка), капчык жана башкалар жарайт.

ПИРОТЕХНИКА КОЛДОНУУ УЧУРУНДА

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылан тазалыкты жактырган жаныбар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Kurbanalieva1991
2012-12-24 20:37:14
Жакшы прогноз(((
0
Nazika_1990
2012-12-25 23:29:10
ухх тыыыш соонунго,белектер......
0
nuri1972
2012-12-26 14:38:45
жаны жылынар менен. Жакшы кенеш
0
kbs-love
2012-12-27 16:01:03
chon rahmat, jakshy kenesh boldu....
0
egemberdievagulbara
2012-12-27 17:12:19
Анан дагы мучолуу жылда кызыл кийимди бироого берет дейтко ошол чынбы?билгендер барбы?
0
SonoJigit
2012-12-29 15:30:20
Jany jylynar menen Kyrgyz kalkym.
0
maia
2012-12-31 13:11:13
Супер инфо ушундай пайдалуу кенешинерге чооон рахмт. кыргыз элим жаны жылынар менен.
0
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан