Ызгаар суукта жылуу төшөктө, ата-эне мээримине бөлөнүп, эркелеп өскөн балдар үчүн Жаңы жыл майрамы кадимкидей өтүшү мүмкүн. Анткени алардын каалоо-тилектерин, көксөгөн белектерин Аяз атанын атынан алдын ала камдап койгон ата-энеси бар. А бирок ата-эне мээримине муктаж болуп, жаштайынан жетим өскөн балдар үчүнчү?! Көөдөнүндө өксүк менен жашап келаткан балдардын маанайын аз да болсо көтөрүү максатында «Супер-Инфо» гезити Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан Балдарды социалдык жактан адаптациялоо борборуна барып, майрамдык маанай тартуулап кайттык. Жөн эле барып белектерди тапшырып гана тим болбой, «2012-жылдын супер ырчы мырзасы» Нурлан Насип, таланттуу ырчы Аваз Акимов, «2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу» Самат Эркинбек уулу «Ак-Өргө City» командасы менен жана М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры болуп чакан концерт тартууладык.
КАРООСУЗ КАЛГАН БАЛДАР...
Балдарды социалдык жактан адаптациялоо борбору 2000-жылдан бери иштеп келет. Ал жакка турмуштан запкы көргөн, кароосуз калган, ата-энесинен айрылып, тагдыр сыноосуна кабылган 4 жаштан 18 жашка чейинки балдар барып, түнөк таап жүрүшөт. Борбордун директору Мукарам Атамырзаева: «Жаңы келгенде балдардын абалы өтө начар болчу, өзгөчө психологиялык жактан жабыр тартышкан экен. Азыр өзүңөр көрүп тургандай, эл алдына чыгып, ыр айтып, бийлегенге жарап калышты. Мурун бирөө менен сүйлөшмөк тургай, тагдырдын запкысына эрте кабылгандыктанбы, аябай түнт, тартынчаак болушчу. Борбор жалпысынан 70 балага чакталган, азырынча 65 бала жашайт»,- деп билдирди.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg