ЖAҢЫ ЖЫЛДЫК ДАСТОРКОН

Кирип келе жаткан Жаңы жыл жакшылыктын жылы болсун десеңиз, адегенде көңүлдү майрамдык дасторконго буруңуз. Дасторконду жасоодо сараңдыкка жол бербеңиз. Жыл ээси Жыланга да жаккыдай болсун үчүн ага жаккан азыктар менен толтурууну эске алыңыз.

ЗАКУСКЕ, САЛАТТАР
Кургактыкта жашаган жыландар майда жандыктар, коён, жапайы канаттуулар жана жумуртка менен, ал эми суу жыландары болсо балык, краб жана башка деңиз жандыктары менен азыктанары белгилүү. Андыктан майрамдык дасторкондогу салат жана закускелер, албетте, жогоруда саналган жандыктардын эттеринен, деңиз азыктарынан жана жумурткадан жасалганы оң. Ошондой эле салаттарды жылан формасына келтирип, кооздоп койсоңуз, жыл ээсин кубанткан болосуз.

«РАФАЭЛЛО» ЗАКУСКЕСИ

Керектелүүчү азыктар:
Тоок же балык эти – 400 грамм
Сыр – 200 грамм
Жумуртка – 4 даана
Майонез – 5 аш кашык
Сарымсак – 2 тишче
Татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Тооктун же балыктын этин, жумуртканы сууга кайнатып бышырып, муздатып алабыз.
2. Этти майда туурайбыз. Жумуртка, сыр жана сарымсакты сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Азыктардын баарын бир идишке салып, ага майонез жана татымына жараша туз, кара мурч кошуп аралаштырып, мындан тоголокчолорду жасайбыз.
4. Тоголокчолорду тарелкага салып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп коёбуз.

«ЖЫЛАН» САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти – 300 грамм
Сыр – 200 грамм
Козу карын – 200 грамм
Пияз – 2 баш
Картошка – 4-5 даана
Майонез – 150 грамм
Татымына жараша туз
Кооздоо үчүн табитиңизге карап туздалган бадыраңды, зайтун мөмөсүн (оливка) же анардын данын колдонууга болот.

Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач картошканы жана тооктун этин өз-өзүнчө кайнатып бышырып, муздаганда төрт чарчы түрүндө туурайбыз.
2. Андан соң майда тууралган пияз менен козу карынды өсүмдүк майына кууруйбуз.
3. Эми тарелкага тууралган картошканы жыландын формасына келтирип салабыз да, үстүнө майонезден сүйкөйбүз. Артынан куурулган козу карын менен пияздын аралашмасын салабыз. Андан соң тууралган тоок этин салып, кайрадан майонезден сүйкөйбүз. Үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп, туздалган бадыраң, зайтун мөмөсү же анардын даны менен кооздоп койсоңуз болот.

ЫСЫК ТАМАКТАР
Жыланды таарынтпайын десеңиз, майрамдык дасторконуңузга куш же коён этинен даярдалган 2-3 ысык тамак коюңуз. Мындан сырткары куурулган же духовкада бышырылган балык даярдасаңыз болот.

ФАРШТАЛГАН СУДАК

Керектелүүчү азыктар:
Судак балыгы – 1-2 даана
Картошка – 3-4 даана
Сарымсак – 3 тишче
Лимон – 1 даана
Өсүмдүк майы – 5-6 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч
Кооздоо үчүн укроп

Даярдоо ыкмасы:
1. Балыкты тазалап алган соң ага лимондун ширесинен чачып, татымына жараша туз, кара мурч кошуп 30 мүнөткө маринаддап коёбуз.
2. Эми убакытыбызды текке кетирбей, балыктын ичине салынуучу туурамжыны даярдоого киришебиз. Ал үчүн картошканы аарчып, жууп, төрт чарчы түрүндө майда туурап алабыз. Анан буга майда тууралган сарымсакты жана татымына жараша туз кошуп аралаштырабыз.
3. Андан соң балыктын ичин бул туурамжы менен толтуруп, ачык жерин жип менен тигебиз. Тигилген жагын ылдый каратып табага салабыз да, үстүнө өсүмдүк майынан куюп, 180 градуста ысып турган меште бышырып алабыз. Дасторконго коёрдо лимондун кесими жана татымал чөптөр менен кооздоп коёбуз.

Эскертүү: Эгер судак балыгын таппасаңыз, ордуна форель же башка балыкты колдонсоңуз болот.

БАКЧАДАГЫ ТООК

Керектелүүчү азыктар:
Бүтүн тоок – 1 даана (1,5-2 килограмм)
Майонез – 100 грамм
Сарымсак – 4 тишче
Татымына жараша туз, кара, кызыл мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Тоокту жууп тазалап, кагаз салфетка менен аарчыйбыз.
2. Андан соң майонезге туз, майда тууралган сарымсакты аралаштырып маринад даярдап алабыз.
3. Эми маринадды тоокко сүйкөп, 6-7 саатка тыныктырып коёбуз.
4. Маринаддалган тоокту 170 градуста ысып турган духовкада 40-45 мүнөттө бышыруу керек.
5. Бышкан соң жашылчалар, татымал чөптөр, лимондун кесимдери менен кооздоп дасторконго берүүгө болот.

Эскертүү! Ар 15 мүнөт сайын тооктун өзүнөн чыккан ширени улам үстүнө куюп турууну унутпаңыз.

ИЧИМДИКТЕР
Бул жылы жаңы жылдык дасторконго ликёр, виски, коньяк, бренди жана коктейлдин түрүн, анан албетте, Жаңы жылдын символу болгон шампанды коюуга болот. Анан да жылан сүт азыктарын жактырган жандык болгондуктан, сүт кошулган коктейлдердин түрүн да коюуну унутпаңыз.

МӨМӨ-ЖЕМИШТЕР
Жылан консерваланган мөмө-жемиштерди, жашылчаларды көп жактыра бербейт экен. Андыктан жаңы жер-жемиш, жашылчаларды койгонуңуз туура. Мөмө-жемиштерди фантазияңызга жараша кооздосоңуз болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
sonka89.
2012-12-24 15:00:46
Жыландагы консерваланган момо жемиш жебейм деп кыйын кеттиптирго ха ха.
+1
Nosi
2012-12-24 15:54:27
Маалымат учун рахмат
0
Kurbanalieva1991
2012-12-24 20:43:39
Керектуу маалыматтар экен,салаттары аппетитти ачат го,жазып алдым,буюрса жасап кором.
0
Nurbek88
2012-12-25 13:38:27
мммммммм тамшандырат го
0
rozka
2012-12-26 09:47:53
Жакшы рецеп экен рахмат эмне жасаймын деп ойлонуп жатат элем балык тооктун эти жакты
0
aidinaernur
2012-12-26 15:50:48
Рахмат кенешиниздерге мен да жасайм деген ойдомун
0
ZarinaSM
2012-12-30 00:09:59
рахмааат Супер инфо!
0
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан