ЖАРГАНАТ ЭМНЕ ҮЧҮН ТҮНДӨ УЧУП КАЛГАН?

Илгери-илгери өткөн бир заманда куштар менен айбанаттар керемет, кооз жерде чогуу жана ынтымакта жашашкан экен. Күндөрдүн бир күнүндө Жарганат куштарга учуп барып:
– Айбанаттарды бул жерден кетириш керек. Алар биз жей тургандарды жеп түгөтмөй болушту,- деп жар салып кирет.
Куштар анын сөзүн туура көрүшүп, айбанаттарды кетирмей болушат. Бул сөз аларга да жетип, куштар менен айбанаттардын ортосунда катуу жаңжал чыгып, уруш башталат. Ошондо жалгыз гана Жарганат бийик бакка конуп алып, урушка катышпай коёт. Ал арам оюнда «кайсы тарап утса, ошол тарапка кошулам» деп күтүп турган. Бир маалда айбанаттар жеңиле башташат. Анда Жарганат куштардын тобуна учуп барып:
– Мына, жеңиш биздики болот! Кана, бир туугандарым, эми бир чымырканып койгула,- деп жагалдана баштайт. Бир пастан кийин жеңиш айбанаттар тарапка оой баштайт. Муну байкаган Жарганат айбанаттарга келип:
– Айланайындар, мен силердин бир тууганыңармын. Жүзүм кудум чычкан акеникиндей болуп турбайбы. Куштарды кетирип туруп, өзүбүз жыргалчылыкта өмүр сүрөбүз,- дейт.
Муну уккан куштардын төрөсү Бүркүттүн абдан ачуусу келет. Калган куштар да ызырынып, күчтөрүн топтоп туруп айбанаттарды жеңип алышат. Ошондо кыраан Бүркүт:
– Биз айбанаттар менен ынтымакта жашап келгенбиз. Мындан ары да бир жерде чогуу жашай беребиз. Силер эч жакка кетпей эле койгула. Ал эми балээнин баарын баштаган Жарганатты кармаган жерден өлтүрүп, тарпка айландырабыз!- деп каарданат.
Жарганат же айбанаттарга, же куштарга кошула албай тоого кетет. Артынан куугун түшөт. Айласы кетип бир бактын көңдөйүнө жашынат. Ошондон бери саткын Жарганат куштар менен айбанаттардан коркуп, түнү гана сыртка чыгып калган экен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
alimyrza
2012-12-29 21:30:16
Niwtyak jomokko
0
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан