КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

БИРӨӨНҮ ӨЛТҮРҮП,ЭРТЕСИ ӨЗҮ ӨЛТҮРҮЛГӨН
Ош шаардык милиция кызматкерлери ноябрь жана декабрь айында болгон 2 киши өлтүрүүнүн бетин ачышты. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, 11-ноябрда Ош шаарындагы Алишер Навои көчөсүндө жайгашкан «Пекин» соода борборунун жанындагы гараждардын арасынан 1947-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну Жамалдин Исмаиловдун киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган. Дайындалган экспертиза анын ур-токмоктон каза болгондугун аныктаган. Бир айдан соң, 13-декабрда андан алыс эмес жерде канализациялык люктан 1985-жылы туулган Майлы-Суу шаарынын тургуну Мирбек Карабалаевдин бузула баштаган денеси табылган. Ал да денесине жана башына урган соккулардан каза болгондугу аныкталган.
Оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзгөн милиция кызматкерлери бул кылмыштар бири-бирине байланыштуу экендигин такташкан. Мирбек Карабалаевдин өлүмүнө шектүү деп 1994-жылы туулган Ноокат районунун тургуну Таалайбек уулу Бексултан жана 1956-жылы туулган Алай районунун тургуну Зулпу Кайкыев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Маалыматтарга караганда, өлтүрүлгөндөр жана кылмышка шектелип кармалгандар бири-бири менен тааныш болушкан жана эки өлтүрүү тең уруштун айынан болгон. 8-ноябрда төртөө спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, Жамалдин менен Мирбек уруша кетишет. Мирбек Жамалдинди катуу сабап, ал ошол эле жерде каза болуп калган. Анын эртеси да үчөө ичип отурушуп, экөө Мирбекти сабап өлтүрүп, канализациялык люкка таштап качып кетишкен. Бул фактылар боюнча Ош шаардык ИИББинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Оперативдүү издөө иш-чараларынын негизинде, киши өлтүрүүгө шектелип кармалгандардын бири Калашников үлгүсүндөгү автоматты бекитип койгондугу билинип, автомат Ош шаарындагы иштебей калган базарлардын бириндеги контейнердин астынан табылган. Бул факт боюнча да Кылмыш жана жаза кодексинин 241-беренеси (ок атылуучу, ок атпоочу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу жасалгаларды мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

ЧЕК АРАЧЫ 21 КИЛОГРАММ ГАШИШ МЕНЕН КАРМАЛДЫ
Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да катышкан афган баңгизаттарын ташыган канал жок кылынды. Аталган кызматтын маалымат кызматынын билдиришинче, 13-декабрда өткөрүлгөн кылдат даярдалган операциянын жыйынтыгында, «Чалдыбар» чек ара көзөмөлүнүн 25 жаштагы Т.Э. аттуу көзөмөлчүсү колго түшүрүлгөн. Кара-Балта шаарындагы ал жашаган батирди тинтүү учурунда ичинде 21 килограмм 321 грамм гашиш бар спорттук сумка табылып, тартылып алынган. Учурда бул кылмышка тийиштиги бар адамдарды аныктоо, табуу иш-чаралары жүрүп жатат.

АФГАН ЖАРАНЫ КЫЗДАРДЫ ТОНОП ЖҮРГӨН
13-декабрда Бишкек шаардык ИИББинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Мухамад Гаус Хан Мухамад аттуу «качкын» деп таанылган Афганистандын 32 жаштагы жараны кармалды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, аталган Афганистандын жараны жаш аялдарды тоногон деп шектелүүдө. Ал 9-декабрда кечки саат 9дар чамасында Чыгыш-5 кичирайонунда У.Ю. аттуу кыздын колун кайрып, бетине бир нече жолу уруп, Нокиа үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, изин сууткан. 12-декабрда да кечки саат 20:30дар чамасында Курулушчулар шаарчасында күч колдонуп А.П. аттуу аялдын Нокиа үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып качып кеткен. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН НАРИСТЕ КАЗА БОЛДУ
15-декабрда саат 16:30дар чамасында Кемин районунда жол кырсыгы катталды. Чүй облустук ИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 22 жаштагы Б.А. Бишкек-Торугарт унаа жолунун 84-чакырымында рулду башкара албай калып, каршы тилкеге чыгып Хонда Одиссей автоунаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Фольксвагендин айдоочусу жана анын 4 жүргүнчүсү денесинен жараат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Ооруканага жеткенден кийин алган жараатынан улам 1 жаштагы наристе каза болгон. Учурда иликтөө жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан