Тайырбек Сарпашев,КРнын Вице-премьер-министри:«14 СААТТАН ИШТЕП ЖАТАБЫЗ»

Тайырбек мырза премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин командасы менен өкмөткө келгендердин бири. Министрлер кабинетинин башчысы бул аптада 100 күндүгү тууралуу отчёт берди. А биз болсо вице-премьердин ушул күнгө чейинки жашоо жыйынтыгы жөнүндө «отчёт» алып кайттык.

Тайырбек Дүйшекеевич Сарпашев – 1968-жылы 23-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Торкент айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетинин эсептик-экономика факультетин аяктаган.
Иш тажрыйбасын жеке ишкердик менен алектенүүдөн баштаган. Беш жыл бою «Градиент» ЖЧКсынын директору болуп турган.
2000-2007-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты.
2012-жылдын 6-сентябрынан бери КРнын Экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри.

– Учурда элдин баары дүрбөлөңгө түшүп, 21-декабрь күнү акыр заман болот дешүүдө. Сиз ушундай кептерге ишенесизби?
– Жок. Буга чейин да «2012» деген тасма жарык көрбөдү беле. Менимче, бул сыяктуу чуру-чуудан пайдаланып, чоң-чоң компаниялар киреше табууну каалап жатышса керек. Соода-сатыкты жандандыруу үчүн эле бизнесмендердин ойлоп тапканы дейм. Акыр заман болоруна ишенип алгандар сактап жүргөн акчасын тезинен коротууга аракет кылышат, ал эми бул көрүнүш массалык мүнөзгө ээ болсо, анда экономикага да түрткү жаратышы мүмкүн. Өзүм намаз окуган кишимин, андыктан мындай кептерге таптакыр ишенбейм.

– Бизнес демекчи, сиз да саясатка келгенге чейин ишкерлер чөйрөсүндө таанымал элеңиз. Ишти биринчи эмнеден баштагансыз?
– Университетти бүтүп жатканда кесибим менен эле иштейм деген максатым болгон, көпчүлүк сыяктуу. Тилекке каршы, дал ошол жылдары Союз ыдырап кетип, жумуш жок, көчөдө калдык. Киндигибизди өз алдынча кесүүгө туура келди, бизнеске ыктай баштадык. Бирок ишкердигимди баштайын дегенде деле мыйзамда алып-сатарлык боюнча кылмыш жоопкерчилиги алына элек болчу.
Ошого карабастан, иштин эбин таап, компьютер сатуу, программалык камсыздоо кызматын көрсөтүү тармагында жылчык таба алдык. Барып-барып Кыргызстандан биринчилерден болуп Бишкекте компьютер көрсөтүү салонун ачып, алгачкы капиталым да ушул жерден топтолгон.

– Анда нефти рыногуна кандайча келип калдыңыз?
– Соодада деле кай жактан киреше көбүрөөк түшсө, ошол жакты өздөштүрүшө башташат эмеспи. 1990-жылдардын башында Кыргызстанда нефтинин таңсыктыгы бар болчу. Мотор майларын сырттан туруктуу ташып туруучу фирма жок эле, дал ушул тармак боюнча компания ачып, саясатка келгенге чейин жеке ишкердик менен алектендим.

– Балалыгыңыз кайда, кандай өткөн?
– Ар бир адам үчүн өзүнүн туулган жери эң кооз болуп көрүнөт. Балалыгым бай өттү, чоң энем менен таенемдин колунда чоңойгом. Экөө тең биздин үйдө турушчу. Андыктан уламыш-жомокторго, макал-лакаптарга кичинемден сугарылгам. 5-класска чейин Торкент айылында жашагам, андан кийин мени Бишкектеги №5-мектеп-гимназиясына алып келишкен. Математикага аябай кызыкчумун. Ошол мектептеги математик Бердибек деген агайым 6-класста галстук түйгөндү үйрөткөн эле. Ошол бойдон галстукту чечкен жокмун, азыр эсептейличи, 32 жыл болуптур. Галстугу жок сүрөтүмдү табуу да кыйын.

– Ал мезгилде айылдын баласы, айрыкча кичинекейинде борборго келип окубаса керек. Ата-энеңиз ким болуп иштешчү эле?
– Экөө тең мугалим. Атам математикадан, апам кыргыз тилинен сабак беришер эле. Ал убакта мектептин адамдары кадыр-барктуу болушчу. Бишкекте окуп калганымдын дагы бир себеби, ал учурда сентябрдан декабрга чейин окуучуларды пахта терүүгө алып кетишип, жазында арык чаптырышчу. Кадимкидей эле мектепти жаап коюшуп, сабактар айлап өткөрүлчү эмес.

– Канча бир туугансыз?
– Алты. Эң кенжесимин. Экөөбүз гана мамлекеттик кызматта иштейбиз, калганы бизнес менен алектенишет.

– Эки эненин колунда өсүп, үйдүн эркеси болсоңуз, шаарга көнүү кыйла эле кыйын болсо керек?
– Жарым жыл аябай эле кыйналдым. 7-ноябрда биринчи каникул күндөрү берилип, Фрунзеден Токтогулга бара жаткан автобус эч эле үйгө жетпей калчудай сезилген. Аябай сагынганым үчүнбү, экөөнүн аралыгы мага Жер шарынын аралыгындай эле туюлган. Эркелигим менен да ошол 5-класста коштошуп, акырындык менен шаарга көнүп кеткем.

– Токтогулдан көп ырчылар чыгат, сиз да ырга шыктуусузбу?
– Жок. Бир мезгилде кызыгуум болгон. Убактылуу гана. Мага Кудай сүйлөө шыгын берген.

– Эки чакырылышта депутат болуп тургансыз да. Эл өкүлү болуу миссиясы сизди эмнеге үйрөттү?
– Эркимди тарбиялады. Саясатты көбү бузук чөйрө дешет, бирок ал адамдан интеллектуалдык потенциалды, эбегейсиз эркти талап кылган тармак. Анткени саясат – идеялардын күрөшү. Дайыма эле ута бербейсиң, дайыма утулбайсың дагы. Саясатта жүргөндө жолдуу болдум, депутат болгондо 30 гана жашта элем. Такшалдым, эл менен жолугуп жүрүп, алар менен иштешүүнү үйрөндүм.
2007-жылы парламент таркагандан кийин үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп калбадыбы, оор жана куугунтук мезгили болду. Партиянын, үй-бүлөнүн иштери менен алек болуп жүрдүм.

– Жубайыңыз ким болуп иштейт?
– Ал мамлекеттик мекемелердин биринде социолог болуп эмгектенет. Бирок эң башкы иши – балдарды кароо, тарбиясына көзөмөл кылуу. 30 жашымда үйлөнгөнүм үчүн балдарым кичинекей, чоң уулум 14тө, кичүүсү 8 жашта. Балдарым менен кышты жакшы көрөбүз, чана тебебиз. Жай мезгилинде чоң ата-чоң энелерине, айылга жөнөтөм. Ал жактын абал-шартын жакындан билишсин, эрте туруп, мал-жанга каралашсын дейм. Айылдын тарбиясына сугарылбай калса, улууну сыйлабай, үйгө конок келсе, өз бөлмөсүнө кирип кетет дегендей, орусташып калат эмеспи...

Интервьюнун убактысын алгач саат 8ге белгилеген экенсиз. Чиновниктин эртелеп иш баштаарын угуу кызык болду. Саат канчада жумушка келесиз?
– Мен эрте турган адаммын, саат 8ге чейин эле жумушта болуп калам. Негизи, өкмөттүн кызматкерлери саат 9да келишет, андыктан ушул бир сааттык тынч аралыкта көп кагаздарды карап чыгууга жетишем. Ушул бир саат мага аябай берекелүүдөй сезилет. Анын үстүнө Транспорт, Айыл чарба, Өзгөчө кырдаалдар министрликтерин жетектейт эмесминби, баары эрте ойгонгон ведомстволор.
Бир жагынан азыркы өкмөт татаал мезгилде келип калды. Оор мурас калды. Кеткенди жамандаганды жактырбайм, бирок бүгүнкү өкмөттүк курамды «өрт өчүрүүчү команда» десе болот. Азыр биз стабилдүү түрдө 14 сааттан иштеп жатабыз. Ишемби жана жекшемби күндөрү да жумуштабыз.

– Акыркы күндөрү Бишкекте газ менен жарык дамамат өчүрүлүп, эл сууктан катуу кыйналууда. Сиздин үйүңүздө газ менен жарык барбы?
– Бир эле менин үйүмдө эмес, Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүндөгү газ менен жарыкты өчүргөн жокпуз. Мен ошондой үйлөрдүн биринде, шаардын борбордук бөлүгүндө жашайм. Негизи, газды көп көлөмдө керектеген мекемелерди өчүрүүгө туура келди.
Газдын өзүнө келсек, бул техникалык маселе, суук болгондо, газдын басымы да түшүп кетүүдө. Мисалы, түштүктө көгүлтүр от бар, себеби аралык Өзбекстанга жакын, газ куурларында техникалык маселелер да жаралбайт. Чынында Кыргызстандын Өзбекстанга да, Казакстанга да акыркы ай ичиндеги эле болбосо, карызы жок.

– Кар калың түшүп жатат, эртең эле кар көчкүлөр башталат. Тиешелүү чаралар көрүлдүбү?
– Жыл сайын эле ушундай маселелер орун алганы үчүн быйыл да кар көчкү түшүү коркунучу бар жайларга жакын кошумча чатырларды тиктик. Куткаруучулар, медиктер бар, техникалык жактан даярбыз. Бюджеттен каражат бөлүнгөн, жолдор убагында тазаланууда. Бирок кырсыктын кайдан келерин билбейбиз. Тоолуу аймакта жашаганыбыз тобокелди гана жогорулатат.

– Маегиңизге рахмат!

Эльвира Караева
Ташболот Досалиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тайырбек Сарпашев: "14 сааттан иштеп жатабыз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aigulai
2012-12-24 09:48:38
Тилинен чан чыгат го, чиркин. Он бир сааттан иштеген Окмоттун ишинин жыйынтыгы качан чыгат, же экономика которулбойт же калктын социалдык - экономикалык абалы онолбойт.
0
kaniet
2012-12-24 13:05:22
14 сааттан иштеп жатабыз дейт го чиркин, Россияда байкуш кыргыздар суткалап иштеп жатат, эгер билсенер кыргыз эли ошол жактан келген уул-кыздарынын акчасынын эсебинен жашап жатышат, суткалап иштесенер да пайда чыкпайт окшойт. Атамбаев: Чындыгында КРнын Казакстандан газ б-ча карызы ото коп деп айытп атса, Сарпашев карызы жок дейт, бу озу кандай Окмот, кандай мамлекет?! Кимиси туура айтты?
0
noname
2012-12-24 13:40:27
казакстан жанылыгын окубайбы.30млн дол.карыз экенбиз.Ошондуктан газ бербей жатат.
0
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан