СПОРТ ДҮЙНӨСҮ 2012-ЖЫЛДА

Лионель Месси, Коби Брайант жана Майкл Фелпстен жаңы рекорддор... Ленс Армстронг менен Мэнни Пакьяонун жоготуусу... Дерек Чисора менен Дэвид Хэйдин чыры... Ошондой эле бул жылы Олимпиада оюндарына, футбол боюнча Европа чемпиондугуна күбө болдук. Тер жана
кан жыттанган спорт дүйнөсүндө 2012-жылда катталган маанилүү жана урунттуу учурлар...

РЕКОРДДОР
Лионель Месси, футболчу.Жыл мыктыларына берилүүчү «Алтын топ» байгесин 3 ирет катары менен утту.Календардык жыл алкагында 88 гол киргизди.Испания чемпиондугунун тарыхында бир сезондо 50 гол киргизди.
Теннисчилер Рожер Федерер менен Серена Уильямс өз рекорддорун жаңылай алышты. Чоң Шлем түркүмүнө кирген 4 ири мелдешти Федерер быйыл 17-ирет утса, Серена 14 ирет утту.
Коби Брайант. Баскетбол боюнча «Лейкерс» командасынын коргоочусу, америкалык Коби Брайант УБАда (Улуттук баскетбол ассоциациясы) салган упайларынын санын 30 миңге жеткирди. Ал бул көрсөткүчтү багындырган эң жаш баскетболчу болуп калды (34 жашта).

ЧОҢ СПОРТТОН КЕТКЕНДЕР
Бул жылы спорттук карьерасын британиялык мушкер Дерек Чисора, украиналык футболчулар Андрей Шевченко, Андрей Воронин жыйынтыкташты. Легендарлуу немис жарышчысы Михаэль Шумахер да карьерасынын аяктаганын жар салды.

ЧУУЛАР
Ленс Армстронг. «Допинг колдонду» деген айып далилденип, америкалык веложарышчы Ленс Армстронг чоң спорттон айдалды. Анан да «Тур де Франстын» 7 чемпиондук наамынан кол жууп калды.
Флойд Мейвезер. Америкалык мушкер Флойд Мейвезер абакта жаза өтөй баштады. Сүйлөшкөн кызын сабаганы үчүн сот мындай чечимди мурун эле чыгарган.
Дэвид Хэй жана Дерек Чисора. Чисора менен Виталий Кличконун ортосундагы беттеш Көкөтөйдүн ашындай чырдын башы болду. Чисора беттеш алдындагы жолугушууда Виталийди жаакка чапса, беттештен кийинки отурумда жердеши Дэвид Хэй менен мушташты. Пикир келише албаган Хэй менен Чисора 14-июлда рингде кезигишти. Беттеш 5-раундга созулуп, Хэй атаандашын нокаутка учуратты.
Бразилиянын баш байгеси. Германиялык автожарышчы Себастьян Феттель Бразилиянын баш байгесинде «Торо Россонун» жарышчысы Жан-Эрик Вернди жашыл желек турган жайда ашып өткөн. Эл аралык автомобилдик федерациясы (FIA) эреже бузулганына карабай бул ишти кароодон баш тартты. Ошондой эле «Ферраринин» президенти Лука ди Монтедземоло «Михаэль Шумахер мекендеши Себастьян Феттелдин озуп кетүүсүнө атайылап шарт түзүп берди» деп чыкты. Феттелдин бул чемпиондугу калыс болбогонун айткандар четтен чыкты.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Atashkg
2012-12-24 20:30:48
Кыргыз спортунда жанылык болбодубу?
-1
akylbek.kg
2012-12-25 00:25:53
Неге эми болдуго,канча алтын утушту олимпиададан биздин азаматтар))))))))))))))))))))))))))
-1
kg.elik
2012-12-25 02:51:59
Oada almaz degen baykebizdi unutup koydunbu
-1
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан