2012-жылдын 11 ай аралыгында Чүй облусу боюнча айдоочулар жана тургундар жол эрежелерин сактабагандыктан, жол кырсыгынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 12,3 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдады. 11 ай ичинде облус боюнча 1360 жол кырсыгы катталып (2011-жылы 1211 жол кырсыгы катталган), жыйынтыгында 272 киши каза болгон (өткөн жылы 264). Ал эми жаракат алгандардын саны 2071ге (өткөн жылы 1733) жеткен.
Мындан тышкары балдар катышкан жол кырсыгы да өсүүдө. Үстүбүздөгү жылы 262 балдар катышкан жол кырсыгы катталып, жыйынтыгында 26 бала көз жумуп, 311 бала ар кандай жаракат алышкан.