19-декабрь күнү Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Ивановка айылында өрттүн айынан эки адам көз жумду. ӨКМ маалымдагандай, аталган айылдын Григорий Ильин көчөсүндөгү үйлөрдүн бирин тилсиз жоо каптагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол замат өрт өчүрүү кызматкерлери айтылган дарекке барып өрттү өчүрүшкөн. Тилекке каршы, өрт өчүрүлгөн соң үйдүн ичинен 1956-жылы туулган үй ээси К.С. жана анын бир тууганы, 1959-жылы туулган К.Снын жансыз денесин табышкан. Иликтөөлөргө караганда өрт колго жасалган электр плитасынан улам чыккан.