«Кызыл Чырым» эл аралык комитети Кыргызстандын Молдовановка айылындагы №31- колониянын аймагында өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн өзүнчө түрмө кура баштады. Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушууда аталган комитеттин Кыргызстандагы кеңсесинин юридикалык маалымат бөлүмүнүн өкүлү Светлана Швачева маалымдады. Анын айтымында, бул долбоор 2013-2014-жылдары толугу менен ишке ашырылат. «Негизи, өмүр бою эркинен ажыратылгандар өзүнчө кармалышы зарыл. Ошол себептен жаңы имарат курууну максат кылдык»,- дейт ал өз сөзүндө.