Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылынын 24 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 18-декабрь күнү болжол менен саат 01:35 чамасында аталган айылда жайгашкан «Акимжан» кафесинин эшигин талкалап, белгисиз бирөө сыналгы, DVD-ойноткуч жана азык-түлүктөрдү уурдап кеткен. «Арам оокат аш болбойт» демекчи, көп узабай кылмышка шектүү 44 жаштагы С.Н. аттуу адам кармалды. Ал адам үй-жайы жок селсаяк болуп чыккан. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.