Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Васильев, Мраморное жана Карл Маркс айылдарынын тургундары айылдагы суу сактагыч боюнча соттун чечими алардын пайдасына чечилбесе, «Манас» аэропортуна кеткен унаа жолду жабышарын билдиришүүдө. Бул тууралуу Мраморное айылынын тургуну Жусупаалы Үсөнов маалымдады. Анын айтымында, айылдагы суу сактагычты «Интерсоюз» ишканасы мыйзамсыз менчиктештирип алган.
«5 жылдан бери сот иши уланып келет. Райондук, облустук, Жогорку Сот чечимди дайыма ишкананын пайдасына чечип, жергиликтүү калктын мүдөөсүн, ой-пикирин эске албайт. Соттор пара алышкан. Ал эми убагында суу сактагычты Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо кызматы коррупциялык жол менен менчикке берип салган»,- деди ал өз сөзүндө. Мындан тышкары эгерде суу сактагычты менчиктештирип алса, үч айылдагы 1000 гектарга жакын айдоо аянттары кургап, кайрак жерге айланып, дыйкандар жабыркай тургандыгын да кошумчалай кетти.