ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (24-декабрдан 31-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Каржылык абалыңыз чыңдалат. Сүйүү жаатында эки адамдын ортосундагы тандоого кабылышыңыз мүмкүн. Бирок сабырдуулук менен чечкиндүү кадамдарга барып, абалдан чыгасыз. Апта ортосунда жакшы идеялар пайда болот. Ишке ашырууга аракет кылыңыз, жемиштүү жыйынтыкка жетесиз. Апта соңунда конокко барууңуз күтүлүүдө.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын алгачкы күндөрү алдыдагы иштерден коркпой, тобокелчиликтен качпаңыз. Жыйынтыгы көңүлдөгүдөй бүтөт. Жаралган маселе боюнча башкалардан кеңеш сурабастан, өзүңүздүн ички туюмуңузга ишениңиз. Ал эми аптанын экинчи жарымында иштериңиз оң жагына чечилет. Эс алуу күндөрү жан дүйнөңүзгө жакын адамды табасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Өзүңүздүн иш жөндөмдүүлүгүңүздү көрсөтүүгө тырышыңыз. Бул аракетиңиз көз жаздымда калбай, эмгегиңиз тиешелүү деңгээлде бааланат. Апта ортосунда жаңы таанышуулар күтүлөт. Шаршембиде мамилелеш адамдардын бири менен таарынышып кетүүңүз мүмкүн. Ишемби, жекшемби күндөрү жагымдуу жолугушуулар орун алып, белектерге ээ болосуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта жакын адамыңыз менен тил табыша албай, таарынышуу менен башталат. Эмоцияга алдыруудан алыс болуңуз. Болбосо көпчүлүктүн көзүнчө беделиңизди түшүрүп аласыз. Ден соолугуңуздун кескин төмөндөп кетүү коркунучу бар. Жума күнү алдамчылардын тузагына илинип калуудан абайлаңыз. Апта аягында чечилбей келген талаш маселе сиздин пайдаңызга чечилет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта ичи күтүлбөгөн жолугушууларга, чакырылбай келген конокторго бай. Дүйшөмбүдө жакшы башталган иштин жыйынтыгы ийгиликтүү бүтөт. Бейшембиге пландаган ишиңиз ордунан чыкпай калышы мүмкүн. Андыктан шашылуунун кажети жок. Эс алуу күндөрү жан дүйнөңүз жанчылып турса да, жан сырыңызды эч кимге айтпаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Көп акча табам деген шашмалык чоң чыгымга алып келет. Андыктан каржы иштерине так болуңуз. Шаршембиде талаштуу маселе жаралса, кийинкиге жылдырган оң. Жума күнү бүтпөй жүргөн маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот, колдон чыгарбаңыз. Апта соңунда эмнени каалап жатканыңызды так аныктап, андан соң гана кадам таштаңыз. Болбосо өкүнүп каласыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта башы сезимдерге байланышкан көңүл калуулар менен башталат. Мындан улам жеке жашооңузда бурулуш жасоо үчүн чечим кабыл алууга шашылбаңыз. Бейшембиде жаралган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбасаңыз, капчыгыңызды кампайта аласыз. Жума күнү көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп чарчайсыз. Ишемби жана жекшембиде эски көйгөйлөрдү унутууга аракет кылып, жаңы багытка кадам таштасаңыз адашпайсыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын башы бир катар майда маселелер менен башталат. Майда деп көңүл бурбай жүрө берсеңиз, жыйынтыгы бир топ кыйынчылыктарга алып келет. Андыктан өз убагында бүтүрүңүз. Бейшембиде капчыгыңызды жукартууга мажбур болосуз. Жума сүйүшкөндөр үчүн мамилелерди чыңдоого ыңгайлуу. Дем алыш күндөрү сизге көзү түз эмес адамдардын кимдер экени аныкталат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Алдыдагы иштерди пландап алыңыз. Иштердин ийгиликтүү болушуна көңүл ачууга кетирген убакыт тоскоол болорун эсиңизге түйүңүз. Аптанын аягында акча маселеси жаралбасын десеңиз, каражатты үнөмдөөгө тырышыңыз. Бейшембиде жаңы таанышкан адам жашооңузга өзгөртүү киргизиши күтүлүүдө. Дем алыш күндөрү алыс жолго аттанып, жагымдуу жаңылыктардан кабардар болосуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Пландап жүргөн иштерди жүзөгө ашырууга ыңгайлуу апта. Андыктан аракеттенсеңиз, жемиштүү жыйынтыктарга ээ болосуз. Үй-бүлө жаатында пикир келишпестиктер орун алышы мүмкүн. Жума күнү жагымдуу маалымат угасыз. Апта соңунда жаңы таанышуу орун алып, досторуңуздун катары толукталмакчы.

 

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта алдамчылардын тузагына илинип калуу менен башталышы мүмкүн. Өзгөчө акча иштеринде сак болуңуз. Бейшембиде маанилүү кабар угасыз жана жаңы таанышуу күтүлүүдө. Бул сиздин жеке жашооңузга өзгөрүү алып келет. Жекшембиде талашып-тартышуудан оолак болуңуз.

 

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул апта ичи сапарларга бай болот. Аны менен катар жаңы таанышуулар орун алат. Шаршембиде айланаңыздагылар менен кайым айтышуудан оолак болсоңуз, чырдын алдын аласыз. Бейшембиде ички ой толгоолоруңузду эч кимге айтпаңыз, болбосо катылган сыр көпчүлүккө маалым болуп калышы мүмкүн. Апта соңунда капчыгыңызга киреше кирип, бирок анын эсеби бат эле табылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан