Жумакун Мадемилов, куудул:«МЕНИН ФИШКАМ – МУРДУМ»

Быйыл Нарын музыкалык академиялык драма театрынын 75 жылдыгы. Ушул театрда иштеп, казанында кайнап калган театрдын таланттуу актёрлорунун бири, куудулдар конкурсунда «Супер куудул» аталган, Маданият министрлиги тарабынан «Мыкты актёр-2011» деген наамды жеңип алган Жумакун Мадемилов менен болгон маегибиз назарыңызарда.

– Саламатсызбы, Жумакун мырза, жеңди түрө быйыл жакшы иштедиңиздер окшойт...
– Саламатчылык, рахмат. Быйыл абдан жакшы саамалыктар болду, ноябрь айында күн өткөрбөй, театр кызматкерлери спектаклдерди, ар кандай жанрдагы оюндарды коюп келсек, декабрда отчёттук концерт бердик. Эл ыраазы болуп кайтышты. Ушундай заманда, ушундай шартта театрды таштабай эмгектенип келе жаткан атуулдарыбызды кыргыз элинин чыныгы патриоттору деп билем. Эл театрга үзбөй келип, жакшы каалоолорун айтып жатышты.

– Жеке чыгармачылыгыңызга кайрылсак, сизди куудул, кино актёру, театр актёру дегеле көп кырдуу талант катары тааныйбыз...
– «Артист» деген сөздүн өзү эле көп кырдуу, таланттуу дегенге жатат. Артист киного да баш багып, театрда да ойной билиш керек. Мен өзүмдү артист деп эсептейм. Ал эми замандаштарым мени куудул катары көбүрөөк таанышса керек. Анткени мен сүйлөсөм эле эл күлө берет. Тойлордо, теңтуш, туугандар арасында деле шаң-күлкү маселесин мага жүктөп коюшат.

– Чыгармачылыктагы жетишкендиктериңиз деп кайсы ролдоруңузду айта аласыз?
– Эми театрда көп эле, 1981-жылдан тартып эле ушул театр менен келе жатам. Кино жаатында Жеңишгүл Өзүбекованын «Апамдын махабаты» тасмасында эпизод жараттым, Эрнест Абдыжапаровдун «Теңири» тасмасынан роль алдым. «Эгиздер тагдыры» тасмасында да үй ээсинин ролун ойнодум, айтып отурсак көп эле. Жакында дагы бир мен тартылган жаңы тасманын бет ачары болгону турат, буюрса, көрүп каласыздар. Актёрлукка өзүмдү арнап койгом десем да болот.

– Өмүрүңүздөгү сыймыктанган учурларыңыз...
– Сыймыктанчу нерсем көп. Балдарым менен, жубайым менен сыймыктанам, ошондой эле жеке өзүмдүн мурдум менен сыймыктанам десем болот. Себеби бул шоңшойгон мурдум мага көптөгөн каймана аттарды берди, ролдорду берди. Кадрга кандай гана түшпөйүн, мурдум эле көрүнүп калат, башкача айтканда, мурдум менин – фишкам. Бир жолу бирөө сурап калды «Күмөндөрдүн үнү бар, Жаныбектин шорпосу бар, сиздин эмнеңиз бар?» деп. Анан ойлонбой туруп эле «менин мурдум бар» деп койдум, ошондон бери сурагандарга ушинтип тамашалап калам.

– Маегиңизге рахмат.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kurbanalieva1991
2012-12-24 20:46:30
Наамдарыныз кут болсун.
0
konya
2012-12-28 10:55:21
Сизге ийгилик, талантынызга таазим кылабыз!
0
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан