18-декабрда Нарын шаардык жаштар ордосунун концерттик залында Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү. Кече Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы Агрардык экономикалык колледжинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлнара Мамбеталиеванын жетекчилигинде уюшулган. Жазуучу тууралуу фото-слайд көрсөтүлүп, ырлар окулду, викториналык суроолорго көрүүчүлөр жооп берип, белектерге ээ болушту. Жыйынтыгында катышуучулар ачык асман алдына чыгышып, тынчтыкты чагылдырган каалоо-тилектер менен бирге шарларды асманга учурушту.