«ЫЛАЙЫКТУУ ФОРМА ЖОК, ЖЕҢИБИЗГЕ ОТ ЖАРМАШАТ»

Сыртта кычыраган кыш. А сиз үйдө мемиреген жылуулукта отурасыз. Бирок ошол бизди жылуулукка бөлөгөн адамдардын абалы оор болуп жаткан учур экен. Эмесе, сөз Караколдогу «Жылуулук» ишканасы тууралуу болмокчу.

«СҮТТҮН ОРДУНА МАЙ БЕРИП ТУРАБЫЗ ДЕШКЕН»
Каракол шаарында өткөн аптада жылуулук берүүчү ишкананын кызматкерлери жетекчилигине нааразычылык билдиришти. Алар «койгон талаптарыбыз аткарылбаса, жумуштан кетебиз» деп билдиришүүдө. Мунун негизги себептерин билүүнү көздөп, ишкана кызматкерлери менен жолугуп, алардын көйгөйүн угуп кайттык. «Ишканада алты жылдан бери иштейм» деген СТАЛБЕК МЫРЗАКМАТОВ буларды белгиледи:
– Биринчиден, айлык акыбызды убагында, толук ала албайбыз. Айына 3600 сом айлык алуубуз керек, бирок ал толук берилбейт. Акча сурап барсаң эле 500-1000 сом берет, калганы жок. Ал акчага алты баланы багуу кыйын.
Жумушубуз жалаң от менен байланыштуу болгондуктан, атайын отко чыдамдуу кийим кийишибиз керек эле. Бирок ал дагы жок. Тобокелдикке салып, синтетика кийим менен иштеп жатабыз. Эгерде мешке кийимибиз тийип кетсе от дароо жабышып, өрт чыгышы мүмкүн. Ошондой эле отко чыдамдуу бут кийим берилиши керек, ал да жок. Иш жаатында болсо көмүрдүн баары таш, майдасы топурак аралаш. Ага карабастан жетекчилер «температураны көтөргүлө» дешет. Таш, топурак аралаш көмүр кантип жакшы күйсүн?!

Башкалардан да эмне себептен нааразы болуп жатышканын сурадык, бирок «жумуш ордумду жоготуп алам» деп чочулаган кызматкерлер аты-жөнүн жазбай эле коюшубузду өтүнүп, буларды кошумчалашты:

– Негизи, бизге өпкөгө толуп калган уулуу, чаң заттарды тазалап туруш үчүн сүт азыктары берилип турушу керек. Башында «сүттүн ордуна май берилип турат» деген кептер айтылган. Бирок бүгүнкү күндө сүт да, май да, түшкү тамак да жок. Ал эми кечки тамакка болсо сегиз кишиге үч нан, кичине кант жана чай берилет. Ошол тамак сегиз кишиге бир суткага жетиши керек. Биздин талап: эмгек акы убагында берилип, көмүр жагуучу атайын кийим жана бир күнгө жете тургандай тамак-аш берилип турсун.

«АЛАРДЫН АЙЛЫГЫ ЭЛДЕН КӨЗ КАРАНДЫ»
«Миң уккандан бир көргөн» демекчи, жумушчулардын сөздөрүн угуп, аталган ишканага баш багып, айтылган сөздөрдүн 100 пайыз туура экенин байкадык. Бул айтылган нааразычылык сөздөрдөн улам «Жылуулук» ишканасынын директоруна жолугууну көздөдүк, бирок Н.Лабутин мырза ордунда жок болгондуктан, ишкананын башкы инженери МУХАМЕДИ ЖЕКСЕМБИЕВди кепке тарттык:

– Саламатсызбы, учурда ишканада канча кызматкер эмгектенет жана канча айлык алышат?
– Штат боюнча бул ишканага 275-300 киши иштеши керек. Айына 4000-5000 сом айлык акы алышат. Андан тышкары жумуштун түйшүктүүлүгүн эске алып, 40 пайыз акча кошуп беребиз. Ошондо 6000 сомдун тегереги болот.

– Бүгүнкү күндө кызматкерлердин нааразычылыгын кандайча түшүндүрөсүз?
– Жумушчулар «айлык убагында, толук берилбейт» деп жатышат. Туура, бирок алардын айлыгы жылуулук үчүн элден чогулган акчадан көз каранды. Жергиликтүү калк жылуулукка болгон каражатты убагында төлөп турушса, жумушчулар да айлыкты өз убагында ала алышат эле. Мисалы, бүгүнкү күндө шаар тургундары ишканага жылуулук үчүн 30 миллион сом карыз. Чоң суммада карызы барларды сотко берип жатабыз.
Республика боюнча мындай ишканаларда эч жерде тамак-аш берилбейт. Жуунуучу жайлар бар. Ал эми кийим жагы болсо, 300гө чукул кишини кийим менен камсыздоо кыйын эле. Жумушчуларга мээлей, бут кийим беребиз.
От жагуучулардын мындай көйгөйү азыр курч маселеге айланууда. Кийинки сандарда иш кайсы тарабына чечилгенинен кабар беребиз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Lollipop
2012-12-24 15:41:49
ne spravedlivost'!
0
Kurbanalieva1991
2012-12-24 15:42:34
Демек бир да шарт тузулбоптур да,ушуга чейин чечилбеген маселе,эми кандай чечилер экен эмки санда жыйынтыгы жакшы болоор!?
0
Chiko.kg
2012-12-25 13:41:34
ваайййй жаман го ото жаман экен биз кургыздар качан онолуп жакшы жумушта иштеп калабазы туугандар акыбалынар ото оор экен ишинер ылайм онолуп формалуу болуп айлыгынар убагында берилишин кудайдан тилейм..
0
k-2
2012-12-25 21:38:06
Ошол ишкананын жетекчилери маянасын оз убагында алышат, ал эми катардагы жумушчулар маянасын эмнеге оз убагында албайт?!
+1
peach
2012-12-31 05:00:56
3600 сом айлык...алты баланы багуу ???(((((:
0
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан