Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов ар кандай коомдук иш-чараларга активдүү катышкан жаран. Мисалы, Бишкекте, Ысык-Көлдө жол белгилерин орнотуп, туристтерге Ысык-Көл тууралуу маалымат китепчелерин таратуу демилгелерин көтөрүп, уюштуруп келген.
Учурда энергетикалык каатчылыкка өкмөттү күнөөлөп, нааразычылык билдиргендер интернетте абдан күчөдү. Атай Садыбакасов социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына: «Мэрия менен Өмүркулов андай-мындай» деп жамандаган эле интернет колдонуучулар көбөйдү. Жылуу үйдө отуруп уруша бергенден көрө Бишкектин көчөлөрүнө чыгып, жол менен тротуарлардын карын күрөп-тазалоого чакырам. Бул сиздин бир-эки саат убактыңызды алат, анткен менен «интернетте даттанып отурбай, шаарым үчүн пайдалуу иш кылдым» деп айта аласыз»,- деп жазып чыкты.
Демилгени колдогусу келгендерди Атай Садыбакасов 22-декабрь күнү саат 9да «Ала-Тоо» аянтынан күтөт.