15-декабрда Кыргызстандын ар тарабынан келген 200дөй делегаттардын катышуусунда мусулмандардын IV курултайы кызуу талаш-тартыш менен өттү. Мында 7 облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын казыларынын сунушу менен Уламалар кеңешин шайлашып, кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен Рахматулла ажы Эгембердиев Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи болуп дайындалды. Ал эми мындан мурунку күнү, 14-декабрда УМККнын экс-муфтийине Чубак ажы Жалиловго «2011-жылы ажылыкты уюштурууда мамлекетке 8 миллион сомго зыян келтиришкен» деп кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат таратты. Ошондой эле жаңы шайланган Рахматулла ажы Эгембердиев дагы экономикалык ишмердүүлүк тармагында кылмыш далили боюнча күбө катары өтүп жатканын маалымдады.
Мээрим Жеңишбек кызы
politika@super.kg