КТРКга ЖАБЫШКАН «СҮЛҮК КУРТТАР» БАР
Коомдук телерадио корпорациясы – Кыргызстандын ар бир жаранынын мамлекетке төлөгөн салыктарынын негизинде каржыланып жаткан мекеме. Бир кезде ушундай мамлекеттик мекемеге сүлүк курттай жабышып алып соруп, өзүнө керектүү максатта пайдалангысы келгендер болгон. Ал кездеги КТРдин жетекчиси Мелис Эшимкановдун алы жетти эле, ошолорду куттуу телеканалдан кууп чыгып, тизгинин тартып койгонго. «Эми ошол эле топ жана аларды айланчыктап жүргөндөр кайрадан жыла басып КТРКнын төрүн ээлеп алышты. Кайрадан эски адаттарын карматып, мамлекеттик мекемени жеке кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат. «Бизге жаккандар эфирге чыгат, айтканыбызды кылып, айдаган жагыбызга баспагандар чыкпайт» деп Кыргызстандын жаш өнөрпоздорун сорттой башташты»,- деген нааразычылыктар бизге келип жетүүдө. Дал ушундай эле өңүттөгү нааразычылыктар Жогорку Кеңештин депутаттарына да жеткен экен, алар комитет жыйындарында айтышууда.
Бизди кейиткени, элүү жылдан ашуун тарыхы бар, Рабия Менсейитова, Тамара Джаманбаева, Тамара Алсеитова, Абды Сатаров өңдүү залкар ысымдар түптөп кеткен мамлекеттик телеканалдын коомчулук алдындагы, мамлекет алдындагы аткаруучу миссиясы ушундай интригаларды уюштуруубу? Же ал топтун Кубат Оторбаевди, анын бийлигин тоготпой жатканыбы?
КТРКга митедей жабышып алып, андан пайдаланып жаткан ал топтун кылык-жоруктары ар бирибиздин кошкон салымыбыз, салыгыбыз менен жашап жаткан мамлекеттик телеканалдын аброюна, анын жетекчиси Кубат Оторбаевдин да аброюна доо кетирүүдө.
БАЙКООЧУ КЕҢЕШ ТЕСКЕЙТ ДЕП ИШЕНЕБИЗ
Жалпыга белгилүү болгондой, КТРКда жетекчи кызматтарда иштеп, аны менен катар жеке ырчыларга продюсерлик кылып келгендер болгон. Азыр деле ушундай багытта иштеп жаткандар бар. Жеке ырчыга продюсерлик кылган адамдын мамлекеттик телеканалдагы көңүл ачуучу оюн-зоок берүүлөргө жетекчилик кылганы туурабы? Андай кызматкер өзүнүн карамагындагы ырчылардан башкаларга калыс мамиле кыларына кепилдик жок да? Өзүнүн карамагындагы ырчыларды эфирге байма-бай чыгарып, мамлекеттик телеканалдын эфирин пайдаланбайт деген дагы кепилдик жок. Кызыкчылыктардын кагылышын жаратары турган кеп. КТРКдан ушинтип кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун учкундарын көрө баштадык акыркы күндөрү. Унчукпай койгонго, кайдигер калганга акыбыз да жок. Анткени мамлекеттик каржылоодогу мекемени ошол өлкөнүн салык төлөгөн ар бир жаранынын тескөөгө акысы бар.
Бул маселелер тууралуу биз менен байланышканында Кубат мырза: «Мен конкурстук негизде 18 талапкердин ичинен жеңип чыгып, 5 жылга шайлангам. Ал эми сөз болуп жаткан интригалар боюнча айтсам, былык иштерди жасоого жол бердирбейм»,- деп билдирди.
Коомдук телерадио корпорациясынын башкаруучу эң жогорку органы болгон Байкоочу кеңештин, анын төрагасы Фархад Бекмамбетовдун жана башкы директору Кубат Оторбаевдин мындай «сүлүк курттарга» мамлекеттик телеканалдын канын сордуртпай, учурунда ооздуктоого алы жетет деп терең ишенебиз.
Калыс Мамбетов
koom@super.kg