Жолугууга белгиленген убакыттан эрте же маалында келген кишини «немиссиң го» деп коёбуз. Жер үй сатып алам дегендерге «бул үйдү немис курган» деген сөздөн ашыкча жарнаманын кереги жок. Ушундай ой жараткан немистердин мекенине үч күндүк сапардан бир үзүм...
ФЕДЕРАТИВДҮҮ ГЕРМАНИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ
1990-жылы негизделген
Башкаруу түрү – Парламенттик республика
Аянты – 357 миң 21 чарчы чакырым
Калкы – 82 миллиондон ашуун. Калкынын 90 пайызга чукулу христиан динин тутунушат
Валютасы – Евро (1 евро=62 сомдун тегереги)
АЮУ – БЕРЛИНДИН СИМВОЛУ
10-декабрь күнү Бишкек шаарынын «Манас» аэропортунан көтөрүлгөн учак Германиянын борбору Берлинге алты саатта учуп жетти. Жерден алыс көрүнгөн жылдыздар иллюминатордон кол сунчудай сезилип, айрыкча Польшанын үстүнөн учуп бара жаткан убакта Жетиген (анын фигурасы аюуну элестеткендиги менен таанымал) жылдыз тобу Берлинге чейин ээрчип барды. Жергиликтүү саат менен кечки алтыда конгонубузга карабастан, туш тарапты эбак караңгылык каптаган. Анткени Берлинге жарытарлык күн деле тийбейт экен, алар үчүн ар бир жаркырап тийген күн өзүнчө чакан майрам. Таңы кеч агарган, түнгө тез чумкуган калаа бизди ызгаар суугу, себелеп жааган кары менен тосуп алды.
Айтмакчы, борбордун аталышы да аюу деген сөздөн келип чыккан дешет. Бул жаныбар Берлиндин гербинде да башкы орунду ээлеген. Кайсы дүкөнгө баш бакпа, турист бир аюусуз чыкпайт. Мейли, бул сувенир же оюнчук болсун. Жыл сайын борбордо өтүп турган аюулар скульптурасынын көргөзмөсү да салтка айланган.
ТАЗА, ТЫКАН, КООЗ ШААР
Биз «Тегель-Норд» аэропортуна кондук. Ал жерден автобуска отуруп, ашып барса он беш мүнөт өтпөй шаардын борбордук бөлүгүнө кирип келдик. Адатта өнүккөн мамлекеттердин чоң-чоң шаарларын жол тыгыны менен кошо элестетүүгө көнгөнбүз. Ал эмес, акыркы жылдары бул көрүнүштөн Бишкек деле алдыга озуп чыгууда. Таң каларлык, бирок мейманканага чейин, андан кийинки күндөрү деле эч бир көчөдө жол тыгынын байкаган жокпуз. Берлиндиктерге транспорт кызматын автобус, трамвай, метро, анан такси көрсөтөт.
Жолдорду, анын жанындагы тротуарларын зымылдатып тазалап турушарын көп жерден көрдүк. Тайгаланып түшпөө үчүн жөө жүрүүчү жолдорго майда шагылдар төгүлгөн. Бизге окшоп абайлап баскандар жыргап калбаспы...
Дагы бир айырмачылык: Берлинде тыпыйган, аз бензин сарптаган машиналардын көптүгү. Европалык Союздун, дегеле дүйнөнүн эң бай мамлекетинин бири катары таанылган Германиянын тургундары жалаң кымбат баалуу жол тандабастарда жүрсө керек деп элестетчүмүн. Адашыпмын. А балким, байлыкка жетүүнүн бир жолу сарамжалдуулуктур деген ойго жетелендим.
Көчөлөрдү бойлой курулган үйлөрдүн ар бири өзүнүн өзгөчө архитектурасы менен суктандырбай койбойт. Бекеринен немистин үйү деп мактабайт экенбиз. Ар бир имарат өтө тыкан көрүнөт. Анын баары шаардын кооз көрүнүшүн шарттап турат. Асман тиреген имараттар деле саналуу, көбүнчө он кабатка жетпеген турак үйлөр жайгашкан.
СЫРА, ШОКОЛАД, КОЛБАСА ООЗ ТИЙҮҮНҮ УНУТПАҢЫЗ
Президенттик делегациянын сапары менен баргандыктан, журналисттер тобу кечки убактысын шаарды кыдырууга арнап жатышты. Берлиндеги соода борборлор Бишкекке салыштырмалуу эрте жабылып, кеч ачылары бизге, албетте, жакпады. Бирок 25-декабрда өтүүчү Рождество күнүнө карата шаардын туш тарабында жарманкелер ачылган. Сыра сатылуучу пабдар, колбаса менен сырдын павильондору, шоколад дүкөндөрү, немис нанынын жыты буркураган мештер – мунун баары туристтерди азгыруучу жайлар. Аларды Берлиндин бренди деп кабыл алууга болот. Эгерде Германияга барып калсаңыз, сөзсүз жогоруда айтылган азык-түлүк түрлөрүнөн ооз тийүүнү, куржунга сала келүүнү унутпаңыз. Анткени, чынында, даамы өзгөчө сонун. Баасы да сизди жагымдуу таң калтырат, биздикине салыштырмалуу бир топ арзан. Ошондой эле сырттан келгендер дарыканаларды түрө кыдырып косметологиялык каражат менен дары-дармектерди чөнтөгү кур калгыча сатып ала кетишет.
ОРОЙ СЕЗИЛГЕН НЕМИС КАЛКЫ
Элине келсек, көчөлөрдү кыдырып жүргөндө чачын ак бубак баскан, бирок тың жүргөн өтө көп кары-картаңдарды көрөсүң. Жаштары кайда деген суроого да жетеленесиң. Анткени Германия карып бара жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Ар бир бешинчи жаранынын жашы 65тен ашкан. А балким, азыркы өнүккөн өлкөгө жетүү үчүн бир кездеги муун өкүлдөрү бала-чаканы унутуп, кара жанын аябай иштеген калк болгондур. Анан да кийим-кечеси сапаттуу болгону менен, өтө жупуну жүрүшөт, анын жанында биз кычырап кийингендейбиз.
Союз тасмаларынын тарбиясы менен чоңойгонгобу, немистер оройдой сезилишти. Америкалыктарга окшоп бейчеки жылмая да беришпейт. Немисче сүйлөшүп жатышса, урушуп жаткандай туюлат.
Жалпы жонунан алганда убакытка так, адилеттүүлүгү жана кылдат мамилеси менен таанылган немис калкы жана алардын мекени биз үчүн үлгү-тажрыйба алуунун булагы болууга арзыйт. Германиядан үйрөнчүбүз өтө көп экенин Бишкектеги «Манас» аэропортуна конорум менен тазаланбаган тротуарынан тайгаланып топ эте кулап түшкөнүмдө сездим.
АРАКЕТ ЖЫЙЫНТЫК АЛЫП КЕЛЕБИ?
Президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга болгон сапары, мейли бул немис-кыргыз алакасын жаңы нукка буруу, же жандантуу аракети катары баалайлы, жакынкы аралыкта канчалык жемиштүү болгонун байкайбыз. Анткени сапардын жүрүшүндө эмдиги жылы Германия президенти Йоахим Гаук, андан кийинки жылы канцлер Ангела Меркелдин келе тургандыгы айтылды. Эки башчы келгенге чейин Германиядан Кыргызстанга атайын эксперттер тобу келип, эки тараптын кызматташуу багыттарын, а балким, кайсы тармакка инвестиция кароо ыктымалдыгын да карашат чыгар.
10-12-декабрь күндөрү болуп өткөн президент Алмазбек Атамбаевдин сапары жалпы жонунан эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналды. Делегациянын курамы менен барган Биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева эки тараптуу документтерге кол коюп келишти. Алар: Кыргызстандын Германиянын алдында болгон 8,5 миллиондук карызынын конвертизациясы жөнүндө келишим жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу тууралуу бирдиктүү билдирүү. Тагыраагы, бул 28 миллион евро грантын бөлүү болуп саналат.
Эгерде, эки мамлекеттин ортосундагы цифраларга токтоло кетсек, 2012-жылдын 8 ай ичинде Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар алмашуу 138,6 миллион долларды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу ушул эле көрсөткүчтөн 64 пайызга жогорулаган. Анын ичинде экспорт 12 миллион долларды түзсө, импорт 126 миллион тегерегиндеги суммадан турат. Кыргызстандан Германияга металл, тамеки, химиялык материалдар экспорттолсо, Германиядан Кыргызстанга автомобилдер, алардын тетиктери жана башка жабдуулар ташылат.
Сапардын жүрүшүндө кызуу жана жандуу талкууга ээ болгон жолугушуу бул Конрад Аденауэр атындагы фонддун имаратында орун алды. Ошол күнү Берлин шаарында калың кар жаап жатканына карабастан, талкууга катышууну каалагандан көп болду. Айтмакчы, иш-чарага Германияда окуп-иштеп жүргөн мекендештерибиз да келишти. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаевдин айтымында, аталган мамлекетте 3 миңге жакын кыргызстандыктар жашайт. Алардын көпчүлүгү билимин жогорулатууга, кандидаттыгын-доктарантуралыгын жактоого келгендер болуп саналат.
Жыйынтыгында, эки өлкөнүн ортосундагы мындай жогорку деңгээлдеги жолугушуунун акыркы сегиз жылдан бери боло электигин эске алсак, президент Алмазбек Атамбаев тышкы мамилелерде Кыргызстандын позициясын бекемдөө үчүн олуттуу киришкени байкалат жана бул темп улана берсе, анда мамлекет башчы эң жакын арада өлкөгө инвестиция тартуу боюнча пайдубал тургузуп баштагандыгына сапардын өзү да күбө болду.
Эльвира Караева
koom@super.kg