ДИСКОТЕКА АВАРИЯ

Бүйүрдү кызытып, турган жериңде бийлетип жиберчү ырлары, анан кайталангыс имидждери менен популярдуулукка ээ болгон «Дискотека Авария» тобу бүгүнкү күндө модага айланган «ремикс» жанрын алгачкылардан болуп колдонгонун көпчүлүк күйөрмандары биле бербейт.

ТОПТУН ТҮЗҮЛҮШҮ
Авария деп аты айтып тургандай, булардын жашоосунда авариялар, башкача айтканда, кырсыктар тез-тез болуп турат. Бирок, топтун балдары буга көп деле капа болушпайт. Тескерисинче, «жашообуз ар түрдүү окуяларга толуп турат» деп айтышат.
– Киевде бир концертке катышкан элек. Биздин кезегибиз келип, эми эле чыгып ырдайын деп жатсак, жарык өчүп, капысынан өрт башталып кеткен. Ал эми Казакстанга барганыбызда болсо биз барган күнү катуу жамгыр жаап, сел жүрүп, биз концерт коё турган стадион жарактан чыгып калган. Бул окуялардын баары албетте, адамга жакшы ой тартуулабайт. Бирок, ошентсе да биз муну топтун атына байланыштырып, топтун атын өзгөртүүнү ойлогон жокпуз. Себеби, биздин топтун аты бир гана «авария» деген сөздөн турбайт да. «Дискотека» деген сөз да абдан жакшы сөздөрдүн бири.
«Авариянын» тарыхы 1980-жылдарда башталат. Иваново шаарында Николай Тимофеев жана Алексей Рыжов таанышып калышат. Экөөнө тең таандык болгон тамашалашып сүйлө­шүү бири-бирин бат түшүнүүгө жардам берет да, экөө бат эле көптөгөн долбоорлорду түзүшүп, идеяларды ойлоп табышат. Жигиттер алгач студенттик КВНге катышып, анын көркүн ачып жүргөн маалда алардын талантын байкаган адамдар «дискотеканын көркүн ачып бергиле» деп чакырышат.
Башында бирөөлөр үчүн дискотека уюштуруп жүрүшкөн тамашакөй жигиттер өздөрүнчө дискотека ачышып, аны «Авария» деп атап коюшат. «Авариянын» аты чыга баштаганда аны уюштурган жигиттерди радиого диджейликке чакырышат. Алар радиодо жаңы программа ачышат да, аны «Дискотека Авария» деп атап алышат. Жигиттер муну менен катар эле ар түрдүү ырларды алып, алардын аралашмасынан жаңы ыр чыгарышчу. Бирок, ал маалда мындай жанрды «ремикс» деп эч ким атачу эмес.
Ушинтип ар кимдин ырынан дискотекага ылайык ырларды чыгарып жүрүш­көнүн байкаган куурчак театрынын белгилүү актёру Олег Жуков 1992-жылы аларга кошулат. Алар башында чыгарган ырларын жашыруун ырдап жүрүшөт. Алексей Рыжов бир күнү дискотекада адашып кетип, өздөрүнүн дискин коюп алат да, аны ортосунан өчүрүп салганга болбой калат. Эмне кылышын билбей тердеген Рыжов байкаса, эл жакшы кабыл алып, мурдагыдан да катуу бийлей баштаган болот. Бул окуядан кийин топтун жигиттери ырларынын элге жагаарын билишип, катуу аракеттенип иштей башташат.
Буларга 1996-жылы Алексей Серов келип кошулат. Дагы бир адамга көбөй­гөн топтун жараткан ырлары арбындай берет.

ИЙГИЛИК ЖЫЛООЛОГОН АЛЬБОМДОР
1997-жылы алгачкы «Танцуй со мной» аттуу альбомун чыгарышат. Альбом Ивановодо абдан популярдуулукка ээ болот да, бардык жерде «Авариянын» ырлары жаңыра баштайт. Алтургай, кандай концерт болбосун «Авариясыз» өтпөй калат. Элге бат алынган альбом борбордо да элге жагаар деген үмүт менен Алексей Рыжов альбомду алып Москваны багындыруу үчүн кетет. Бирок, тилекке каршы, альбом Москвада студияда бир жылдай сатылбай жатат. Аны бир жылдан соң студиянын директору Петр Волков угуп көрөт да, өзү чыгарып, саттырып берет. Алгачкы альбому Москвада да сатылгандан кийин топ „Двигай попой!“, „Союз-23“ жана „Союз-24“ аттуу альбомдорду биринин артынан бирин чыгара башташат. Бактыга жараша, бул альбомдору ийгиликтүү болуп, элге бат алынат. Топ акырындап бүйүрдү кызыта турган дискотекага ылайык ырлары менен көпчү­лүк­түн көңүлүнө жагып, Москвага эле эмес, КМШ өлкөлөрүнө, Европага, Азияга жана башка өлкө­лөргө тааныла баштайт. Бирок, тилекке каршы, топтун эң шайыр, эң активдүү солисти Олег Жуков 2001-жылы 9-февралда узакка созулган оорудан кийин каза болот. Олегди оорудан каза болду дешкени менен анын кээ бир күйөрмандары бул өлүмдүн аркасында бир нерсе бар экенин сезишкенин ачык эле айтып жүрүшөт. Башында Олегсиз топту элестете албаган үчөө болгон аракетин жумшашып, топту андан ары улап кетишет.

ххх

Дис­­ко­те­качы жигиттер күйөрмандарына өздөрү жөнүндө көп нерсени сыр кылып айтпай келишет. Алардын минткенинин себеби, «канчалык сырдуу, табышмактуу болсоң, ошончолук барктуу болосуң» деген сөздү туу тутушат. Жакында эле аттуу-баштуу бир гезитке берген интервьюсунда «Эми күйөрмандарыңарга сыр кылып келген жашыңарды айтаарсыңар?» деген суроого «Биз күйөрмандарыбыз үчүн дайыма жашпыз. Алар бизди канча жашта деп ойлосо, ошончо жаштабыз» деп ансайын табышмактуу жооп беришкен.

НИКОЛАЙ ТИМОФЕЕВ
Гороскоп боюнча тараза. Ырдап жатып кыйкырып жибермей адаты бар. Кон­цертке чыгаар алдында апельсин жеп, чачын колу менен тарап койбосо, концерт болбой калчудай сезиле берет. Кличкасы «МС Косматос». 4 жашында ата-энеси Коляны Алла Пугачеванын концертине алпарат. Ошондогу концерттен таасир алган Коля кийинчерээк мектепке бара баштаганда бий жана ыр ийримине катыша баш­тайт. Мектепти бүт­көн­дөн кийин эмнегедир энергетика факультетине тапшырат. Бирок, 5-курска келгенде эмнеге бул факультетти тандап алганына өзүнүн да башы жетпей, окуусун таштап, бала чагынан бери тилек кылып келген музыкага баш-оту менен берилип кетет.

АЛЕКСЕЙ РЫЖОВ
Гороскоп боюнча бийкеч. Окуучу кезинде активист пионер, комсомол болгон. 5-класска чейин жакшы окуп келип, андан кийин футболго кызыгып сабагына көңүл бөлбөй коёт. Мектепте жазган ырларына кийин обон чыгарып, азыр аларды аткарып жүрү­шөт. Ал ыр жазып, обон чыгарбастан, ырларынын аранжировкасын өзү жасайт. Мектепти бүт­көндөн кийин энергетика факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү бүтөт. Николай экөө университеттен таанышат. Сү­йүктүү спорту футболду бол­со карьерасы үчүн таш­таган. Өзү абдан ак көңүл, боорукер. Үй­бү­лө­лүү. Үйбү­лө­сүн абдан жак­шы көрөт жана өзүн үй­бүлөсүнүн фа­наты деп эсептейт.

АЛЕКСЕЙ СЕРОВ
Гороскоп боюнча бө­йөн. Кичинекей кезинде «А+Б» тобунда ырдап жүрчү. Бирок, ал мезгилде ырчы болгусу кел­чү эмес, аскер тыңчысы же бажы кызматчысы болгусу келчү. Мектепти бүт­көндө юридикалык факультетке тапшырып, аны ийгиликтүү бүтөт. Гастролго чыккан мезгилдерде юрист кесибинин пайдасы көп эле жерде тийет жана өзүн топтун коргоочусу деп эсептейт. Алексейдин дагы бир өзгөчөлүгү, ал тозокко эмес, бейишке гана ишенет жана бул жашоону бейиш деп ойлойт. Баарынан кызыгы, ал араб жана Азия өлкөлөрүнүн маданиятын, салтын абдан баалайт. Маданиятка жакын болгондуктанбы, мүнөзү абдан жумшак жана ак көңүл.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 201, 8-14-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан