14-декабрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусуна иш сапары менен келди. Премьер иш сапарын Лейлек районундагы Катраң айылынан баштады. Ал мындан бир аз мурун аталган айылдын Өзгөрүш тоосунда алтын чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан «A.Z.International» компаниясынын ишмердүүлүгүнө каршы чыккан эл менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Андан соң Сүлүктү шаарында шахтёрлор менен маектешти.
15-декабрь күнү Баткен районуна келип, Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Тумшук айылында эл менен жолугушуп, чек аранын абалы менен таанышканга жетишти. Ошондой эле өкмөт башчы Куштун айыл өкмөтүнө караштуу Чарбак айылында жайгашкан чек ара тозотунун ачылышына катышты. Бул тозот Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан.
Ушул эле күнү түштөн кийин облустун район-шаарларынын, айылдарынын жетекчилери менен жолугуп, жыйын өткөрдү. Ар бир шаардын мэри жана район акимдери 11 ай ичинде өздөрүнүн жетишкендиктери, кылган иштери жана көйгөйлөрү тууралуу маалымат беришти