Баткен шаардык мэриясы тарабынан Жаңы жылга карата шаардын бардык мекеме-ишканаларына административдик имараттарды мыкты жасалгалоо боюнча сынак жарыяланды. Ушундай эле сынак Лейлек районунун акими Тилеберди Ариповдун демилгеси менен 18-декабрь күнү өткөрүлгөн жыйында коюлду. Ошондой эле административдик имараттардын мыкты жасалгалангандарына сыйлык берүү чечими кабыл алынды. Демилгеге ылайык, Жаңы жылга карата кызуу даярдык иш-чаралар кабыл алынууда.