ПИРОТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ ТЕКШЕРҮҮЧҮ РЕЙД ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

18-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында жеке сатуучулардын пиротехникаларды сатууга уруксат алгандыгы, аларды сактоо орду, коопсуздук абалын текшерүү максатында рейд жүргүзүлдү. Бул иш-чара шаар мэринин Жаңы жыл майрамын тосууга даярдык көрүү боюнча буйругуна ылайык, тиешелүү мекеме, уюмдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан журналисттердин катышуусу менен жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 2 сатуучунун патенти жок экендиги, 5 сатуучунун сатуу талабына жооп бербеген шартта сатып жаткандыгы аныкталды. «Уруксат кагазын берүүдө сатыла турган шарты бар же жок экени каралышы керек эле, бирок көпчүлүгүнүн шарты жок. Булар боюнча комиссия тарабынан акт түзүлөт жана андан аркы кадамдарына карап тиешелүү чаралар көрүлөт»,- дейт Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мекеменин башкы адиси Р.Калматов.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kurbanalieva1991
2012-12-24 17:43:16
Базарлар пиротех.к каражаттар менен толуп кетиптир,мурун сатууга тыюу салганда бекитип сатышчу.Азыр жол бою сатып атышат.
0
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан