15-декабрда Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарындагы Кара-Жыгач айылынын Киров көчөсүнүн тургуну, 1961-жылы туулган У.А. аттуу жаранды белгисиз бир нече адам өз үйүндө бычактап кетишкен. Майлы-Суу ШИИБинин ыкчам изилдөө тобу окуя болгон жерге барып, далил буюм катары 3 бычак жана кан болгон төшөк-жууркандарды табышкан. Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-криминалисттик экспертизалар дайындалып, бул кылмышка шектүү катары жаш өспүрүм балдар кармалышты. Майлы-Суу шаарынын тургундары болгон 1989-жылы туулган А.У., 1995-жылы туулган К.К. кармалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.