Жалал-Абад шаарындагы Курманбек кичи районунда суу чыгаруу аракеттери көрүлүүдө. Шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысы Айтбай Мусаевдин маалыматы боюнча, аталган аймакка жалпы аянты 9 сотых бөлүнгөн жерге суу түтүктөрүн, трансформатор жана башка каражаттарды орнотуу үчүн жалпысынан 1 миллион 900 миң сом акча каражаты сарпталууда. Бул ишти тендерден утуп алган «Манас СКД» ЖЧКсы жүзөгө ашырууда. Буга чейин суу 10 метр3 көлөмдө чыгып, андан улам тургундардын нааразычылыктары орун алып келген.