17-декабрь күнү ЖКнын депутаты Камчыбек Ташиевдин жактоочулары чогулуп, өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Торомаматов менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууга келгендердин көпчүлүк бөлүгүн Баатыр энелер түзүп, 40тан ашык аялдар келишкен. Камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин эч кандай күнөөсү жок деп, Жаңы жылга чейин бошотулуусун суранган энелерге өкмөт өкүлү Жусубали Торомаматов айтылган сөздөрдүн баарын кат түрүндө тийиштүү жерлерге жеткирүүгө көмөк көрсөтүүгө убадасын берди. Ошондой эле чогулган энелер президентке, Жогорку Сотко, ЖКнын төрагасына, башкы прокурорго кайрылуу жөнөтүштү. Кайрылуунун негизги мазмунун Жаңы жылга чейин К.Ташиевди, С.Жапаровду, Т.Мамытовду бошотуу суранычы түзөт. 43 адамдын колу коюлган кайрылуунун жообу келбесе, Бишкекке барып, нааразычылык акциялары улантылары айтылган.