Өспүрүм кыз жомок жазып, ал эле эмес, аны китеп кылып чыгарганга үлгүрүптүр. Бул куракта жазуучулукка белсенип киришкени, албетте, колдоого арзырлык. Ал 8 жашынан ыр жазып баштаган. Айида учурда 9-класста окуйт.
– Салам, Айида. Жазуучулук сенин оюңча кандай кесип? Оордугуна чыдайсыңбы?
– Саламатсызбы? 8 жашымда ыр жазып баштагам. Үйдө эң кичүүсү болгонумабы же шыгымды байкайбы, айтор, атам менден көптү үмүт кылат. Мени кичинемден «журналист болосуң, сени журналист кылам» дей берчү. Алгач ырларды жазып жүрдүм, кийин кара сөзгө өттүм. Бара-бара дептерге бир окуяларды чиймелеп коюп жүрүп, жыйынтыгында жомок жаза баштадым. Кийин китеп чыгардым.
– Эми дагы китеп чыгарайын деген оюң барбы?
– Биринчи жомок китебим жарыкка чыккандан кийин дагы да кызыга баштадым. Азыркы учурда аңгемелеримди жазып даярдап жүрөм, буюрса, аны да китеп кылып чыгарсам дейм. Башында жаныбарлар жөнүндө жазганды жактырчумун. Былтыр Ысык-Көлгө барганда көлдү көрүп аябай таасирлендим, толкундун сулуулугу, айтор, баары жакты. Ошондон шыктанып көл жөнүндө аңгеме жаздым.
– Кайсы жазуучу, акындарды баалайсың?
– Чыңгыз Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун чыгармаларын жакшы көрөм.
– Чыгармалардын сюжетин кайдан аласың?
– Мен эле эмес, бардык жазуучулар турмуштан көргөн-билгенин, сезгенин жазышат го. Мен дагы адамдардын жасаган иштеринен таасирленем, алардын бири-бирине жасаган мамилесинен улам жомокко камтылчу окуялар келип чыгат. Орусияда жүрүп, ошондон таасирленип аңгеме жазгам.
– Мектепте сенин чыгармачылыгыңа кандай карашат?
– Китебимди чыгаргандан кийин мектептеги мугалимдер, директорубуз мага диплом жана акчалай сыйлык беришкен. Ал эми классташтарым болсо мени сыйлап турушат. Алар да ошондо мага жардам катары акча жыйнап беришкен (күлүп). Бир жолу бир кошунабыз облустук телерадио компаниясында таланттар сынагы өтүп жатканын кабарлап калды. Мени атам жетелеп алып барды ал жакка. «Алтын балалык» деген аталыштагы ал сынакка жомокторумду, ырларымды окуп берип, ырдап, бийлеп катышкам. Ал сынакка лауреат болуу менен биргеликте алып баруучу да болгом. Башында бир аз сүрдөп жаттым, анан көнүп кеттим.
– Келечектеги максатың менен бөлүшө кетсең...
– Келечекте улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдой, залкар акын Алыкул Осмоновдой болсом деген тилегим бар. Мектепти жакшы окуп бүтүрүп, журналисттик кесиптин ээси болсом дейм. Анан атам менен апамдын, бир туугандарымдын ишенген, сыймыктанар адамы болууга аракеттенем.
– Калемиң курчуй берсин.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg