Өткөн сандарыбызда айнек бетине кум менен сүрөт тарткан Кундуз аттуу чебер кыз тууралуу жазган элек. Ал жакында чыгармачылык кечесин өткөрдү. Ошондой эле бизге агынан жарыла сырларын айтып берди.
– Кундуз, чыгармачылыгыңдагы тушоо кесүү кечеңди ийгиликтүү өткөрүп алдыңбы?
– Эки сааттык кечем үчүн эки жума жүгүрүп, ийгиликтүү өткөрүп алдым. Чыгармачылыгым кыйынчылык менен башталганы үчүн элден бата алууну максат кылгам.
– Бул кечеңди «Атамды сагындым» деп атаган экенсиң...
– Менин эмгегимди, талантымды көрбөй, жакында эле атамдын көзү өтүп кетти. Бир ырчынын клибине тартылам деп күтүп жүрүп атама эмгегимди көрсөтө албай калдым. Ошол себептен кумдан тартылган бул композициямды атама арнадым.
– Сени нааразы кылган ошол ырчы ким болду экен?
– Мен атам ооруп кыйналып турган учурда Гүлжигит Сатыбеков менен таанышып калдым. Анын аткаруусундагы чыгармаларды жактырып укчумун. Атамдын айыкпас ооруга чалдыкканын билгенден кийин атам үчүн эч нерсе жасабаганыма капа болуп жүрдүм. Ошол учурда Гүлжигит жаңы тартыла турган клибиндеги образдарды кумдагы сүрөт менен чагылдырып берүүнү сунуш кылды. Бирок пландалган клип тартылган жок. Кыз бала болсом да, сөзүмө ар дайым эркек балдардай бекем турам. Гүлжигитке калпычы болбоюн деп жатып убактымды кетирип алдым. Атамды эмгегим менен кубанта албадым. Кийин кеч болуп калды. Атамдын акыркы өмүрү калган күндөрдө жүгүрүп жүрүп алгачкы ролигимди тарттырып үйгө алып бардым. Бирок атамдын ал эмгегимди көргөнгө алы калбаптыр, көңүлүмдү калтырбайын дедиби, бир ирет көз жүгүрттү. Кийин «ата, сиз көрбөй кеткен эмгегимди Ата Журтума көрсөтөм, эл кызы болууга сөз берем» деп ант бердим.
– Ушунча кеп козголуп калды, атаң туурасында сурабасак болбос...
– Атам мыкты инсан эле. Ооруп жаткандагы акыркы белегим өзүм тарткан эки тулпардын сүрөтү болду. Атама белегим жакты, бирок негедир табиятты көргүсү келди окшойт, «Сары-Челекти да тартасыңбы?» деп сурады. Көзүмдөн жашым куюла «тартам, ата» дедим. Бирок жетише албадым. Азыр Сары-Челектин сүрөтүн канчалык тартайын деп аракет кылбайын, колум барбайт.
– Сен тууралуу «өзүн жылдыз сезет экен» деген кептерди угуп калдым...
– Негизи, мүнөзүм эркектердикиндей. Темир Назаровдун клибине тартылуу сунушунан кийин өзүмдүн чыгармачылыгымды баштап алдым. Эмне үчүн экенин билбейм, Темир Назаровдун мени жылдыз экен деп айтканын уктум. Ал айткандай жылдыз эмесмин.
– Сенин бир гана сүрөтчүлүк жаатында эмес, кол өнөрчүлүк, чеберчилик жагынан да талантың бар экенин угуп калдым.
– Ооба, жыгач иштетүүгө да кызыгам, өзүмө компьютер коюучу стол жана шкаф жасап алгам. Өзүм жактыргандай кийимдерди тигип, кыз балдарга тиешелүү жумуштардын баарын жасай алам.
– Бул таланттар сага кимден өткөн?
– Негизи, чоң атам Темир мыкты уста жана ар тараптуу өнөрпоз адам экен. Туугандарым, апам мага талант ошол адамдан өткөнүн айтып калышат. Ээр чаап, темир буюмдарга кооздук берип, боз үй, комуз жасап, көптөгөн өнөрлөрдүн ээси болуптур.
– Алдыда кандай пландар менен иш алып барайын деп жатасың?
– Максаттарым көп, жакынкы убакытта кум менен сүрөт тартып, өзгөчө ролик тартууга даярдануудамын. Анда махабат темасы чагылдырылат. Каржы абалымды жолго салып алсам, чет өлкөлүк сынактарга катышууну башкы максат катары коюп жатам.
– Махабат туурасында көп композиция жаратып жатасың, ага эмне себеп?
– Биринчиден, жашмын, экинчиден, эл катары менин да махабатым бар, ошол себептен болсо керек.
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg