Талас мамлекеттик университетинде «Каныкей» деген аталыштагы атайын студент кыздардын жатаканасы ачылды. Бул демилге «Ыйык Ата Журт» Талас коомдук жаштар фонду тарабынан көтөрүлүп, аталган фонд жатакананын бардык чыгымдарын өз мойнуна алды. Сентябрь айында башталган оңдоп-түзөө иштери декабрда аяктап, студенттерге эшигин ачты. Бул салтанатка КРнын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева катышып, студенттерге окуудагы ийгиликтерди каалады.