Талас районунун Орто-Арык айылындагы ээр чаап, бычак жасаган Канайбек Сартбаев аксакалдын үйүнө барганыбызда уста тирилик менен алектенип, үндүк жайып кеткен экен. Эшик алдындагы тал-теректердин дүмүрүнөн куралган айкелдер арбайып-тарбайып бири жыланды, дагы бири кайсы бир жаныбарды элестетет. Уста келгенде кызыктуу кепке кирдик.
– Сизди көп өнөрдүн ээси катары уктук эле...
– Ооба, дат баспаган темирден бычак, кылыч жасайм. Өрүктөн комуз, ал эми кара талдан, бака теректен ээр чабам.
– Дат баспаган темирди кайдан аласыз?
– Базарлардан сатып алам. Кээде туугандар барган жерлеринен көрүп калышса, «Канайбекке керек» деп ала келишет. Мисалы, Токмоктун, Оштун базарынан ала келип берген учурлар болгон.
– Бычак, кылычты сатуу үчүн жасайсызбы?
– Аларды сувенир катары да, күнүмдүк тиричиликте буюм катары да колдонсо болот. Жасап бүтөрүм менен эле ээси чыгып калат. Мисалы, туугандардын биринин мааракеси же бешик той дегендей. Анан ал жерге белек катары алып жөнөп калам. Атайын келип сатып алгандар да бар. Мындай бычак көчмөн кыргыздардын жашоосунда чоң ролго ээ болгон. Айтсам, мал сойгонго, малдын терисин жирегенге өтө ылайыктуу.
– Бул бычактын сабы мүйүздөн экен. Эмненин мүйүзү?
– Сайгактын мүйүзү. Аны элден сураштырып сатып алам.
– Кылыч да жасап жаткан экенсиз...
– Ооба. Аны үйгө илгенге сувенир катары эле жасап жатам.
– Бир бычак, кылычты канча күндө жасап бүтүрөсүз?
– Кылыч 15 күндө, бычак 1 аптада жасалат. Баасына келсек, сата элекмин, алгандар көңүлүнөн чыгарып мал ыроолошот. Чоң ээр бир кой, кичинеси бир козу болот.
– Кесибиңиз сүрөтчү экен, тарткан сүрөттөрүңүз да бардыр...
– Алардын саны бир топ. Убагында Бишкектеги Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөм. Тарткан эмгектеримди Бишкекте, Таласта өткөн көркөм сүрөт көргөзмөлөрүнө койчумун. Айрымдарын ошол эле жерден сатып алгандар көп болду. Кийин сүрөттөрүмдүн 20дан ашыгы жоголуп кетти.
– Азыр да сүрөт тартасызбы?
– Көп тартпасаң, кол катып калат экен. Кээде гана кыл калем кармабасам, атайын тартпай калдым.
– Дүмүрлөрдөн да сувенир жасай коёт турбайсызбы?
– Үндүк, мал жайып токойго барганда башкасы болбосо да, ушул дүмүрлөрдөн такыр кыя өтпөйм. Бир нерселердин кейпин элестеткен дүмүрлөр болсо үйгө ала келип, ашыкчаларын кыркып, анан лактап койсоң, бири жыланга, дагы бири башка жаныбарга окшоп чыга келет.
– Өнөрүңүздү балдарыңыздан да улай тургандары барбы?
– Азиз деген балам ат жабдыктарын: тердик, үзөңгү, желдик, басмайыл дегендерди жасап жүрөт. Ушул балам жолумду жолдойт окшоп калды.
Үйгө кирип устанын тарткан сүрөттөрүн көрүп чыктык. Көрсө, уста кыргыз тарыхына, салт-санаасына кызыгып, тарыхый баатырларды сүрөткө тартканды жактырат экен. Бөлмөдөгү эчки-текенин мүйүздөрүнө да көзүбүз түштү. Уста аларды элден сатып алып, үйүн кооздоо үчүн даярдап жаткан экен.
Канымжан Усупбекова
talas@super.kg