Айнура Салахидинова:«БУЮРСА, ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ КЫЗДУУ БОЛОБУЗ»

Өтүп бараткан жылда чыгармачылыгына караганда жеке жашоосуна көбүрөөк көңүл буруп, турмуш жолуна аттанган Айнура Салахидинова жакында наристелүү болгону турат.

– Айнура, ооруканада жаткан экенсиң, ден соолугуң кандай?
– Кыштын кыраан чилдесинде конок күтүп, сыркоолоп калдым. «Боюңдагы балага коркунучу бар» дешкенинен ооруканага жатып дарыланууга туура келди. Азыр жакшымын, рахмат.

 – Тезирээк айыгып кетишиңди каалайбыз. Жолдошуң экөөңөр наристеге ысым тандап жатсаңар керек?
– Буюрса, эки-үч айдан кийин ымыркайлуу болобуз. Тун наристем болгондуктан, жолдошум экөөбүз чыдамсыздык менен күтүп жаткан кезибиз. Баарынан да толгоо кыйын болот дешет, мен да наристемдин аман-эсен төрөлүшүн тилек кылып отурам. Ал эми балабызга мусулманча ат коёбуз го, азырынча ысым тандай элекпиз. Буюрса, жолдошум экөөбүз кыздуу болобуз.

– Төрөгөндөн кийин бала менен үйдө отуруп, чыгармачылыгың үзгүлтүккө учурап калбайбы?
– Антип деле коркпойм. Колдон келишинче экөөнү тең алып кеткенге аракет кылам. Көп эле сахналаштарым кичинекей балдарын жакындарына таштап же бала багуучу жалдап коюп, той-концерттерге катышып, гастролдорго чыгып жүрүшпөйбү. Менин чыгармачылыгымды колдогон жанымда жолдошум бар. Андай кыйынчылыктарды бирге жеңебиз.

– Жолдошуң сенин биринчи күйөрманың окшойт?
– Өзүнүн айтымында, эки жыл мени сыртымдан жактырып жүрүптүр. Бир клипмейкер байке аркылуу телефон номеримди алып, анан мени менен таанышуунун жолдорун издегенин айтып калат. Кээде тойлордон кеч келип калсам, «сен тойдо жыргап жүргөндө мен интернетте сага добуш берип отурдум» деп таарынымыш этип коёт. Түшүнбөйсүң, кээде жаш балача эркелесе, кээде аябай «скромный» көрүнүп, көзүнө карап тиктей албай калам.
Азыр күйөөм менин продюсерим эле болуп калды. Концертке кийген кийимдеримден бери «муну кийип көрчү, тигини кийип көрчү» деп сынынан өткөрүп турат. Ырларым тууралуу да «сен кайгылуу ырларды көп ырдайсың, дагы элдин маанайын түшүрүп баштадыңбы? Бийлегенге ыңгайлуу, шайыр ырларды ырдасаң» деп сын айтат.

– Кимиңердин таарынычыңар бат жазылат?
– Ал менден 9 жаш улуу болгондуктан, карындашындай мамиле кылат. Акылмандык кылып эркелетип эле таарынычымды жазып коёт. Эгер менден кетсе, мен деле кечирим сурап коём. «Таарынганда башка бөлмөгө барып жатып ал же мага чай бербей кой, ошол эле жетет» дей берет.

– Сени дүйнөгө алып келип, тарбиялап өстүргөн ата-энең, үй-бүлөң тууралуу да кеп кыла кетпесең болбос...
– Атам өмүр бою заводдо иштеди, апам – тикмечи. Апамдын учурда менчик тигүү цехи бар. 4 бир тууганбыз. Мен экинчисимин. Улуу эжем турмушка чыгып, балалуу болгон. Эки иним бойдок. Менден кийинки иним мен турмушка чыкканга чейин чыгармачылыгыма кол кабыш кылып, демөөрчүм болуп жүрдү. Андан кийин жоктон бар кылып, баарына кайыл болуп мага колдоо көрсөткөн ата-энем болду.

– Өспүрүм кезиңде тентек белең?
– Жок, тескерисинче, аябай жоош, бирок көк бет, өжөр, айтканымдан кайтпаган кыз болгом. Бала бакчага орус кыздар-балдар менен барып, орус пейил болуп өсүп калдым. Бала кезде ырчы болом дечү эмесмин. Таттууну жакшы көргөндүктөн, кондитердик фабрика иштетүүнү кыялданчумун.
Мектептин жанында «Спорт» деген дүкөн бар эле. Биздин курактагылардын арасында ролик тепмей мода болуп жаткан. «Ролик алып бер» деп апама айтсам, «дүйшөмбү күнү акча тийсе алып берем» деп койгон, ал күн ишемби болчу. Мен «жок, бүгүн алып бер» деп ызы-чуу кылып, апамды коркутуп, Белинский-Бөкөнбаев көчөсүндөгү көпүрөгө барып боюмду таштап өлөм деп сес көрсөткөн элем. Кинолордо болот го, боюн таштап троллейбуска кулап калган. Мен да ошондойду элестетип алсам керек, өзүнчө эле. Бирок комуз ийриминде сабак берген агайым мени кармап үйгө алып барган. Ошол күндүн эртеси эле жанагы роликти алып беришкен.

– Ошол окуучу кездеги сүйүү каттары туурасында да кеп кыла кетсек...
– Бир жылга жакын таякелеримдин колунда, Нарында окуп калган элем. Ошондо айылдагы балдар «шаардан келген кыз» деп тийишип калышчу. «Бакка чымчык конобу, таанышып алсак болобу же жүрүп алсак болобу?» деген сыяктуу саптар менен коштолгон сүйүү каттары келчү. Өзүм эркек мүнөз болгондуктан, андайларга маани бербептирмин. Жигит жандап көчөдө басып жүргөн күндөрүм деле эсимде жок.

Ошентсе да алгачкы сүйүүң качан келген?
– Алгачкы сүйүү азыркы сүйүүгө жетпейт тура. Чыныгы сүйүү нике кыйып, турмуш куруп жашагандан кийин келет экен, көрсө. Турмушка чыккандан кийин күн өткөн сайын жакшы көрүп баштайт экенсиң. Мурун ойлочумун, эң башкысы, мени жакшы көрсө болду деп. Жолдошум менен кыз-жигит болуп жүргөндө жакындыгы анча деле билинчү эмес. Азыр дайыма жанымда жүргөндүктөн, жок болуп калса дароо билинет. Таза сүйүүгө эми кабылдым. Мурун Шахрух Ханды сүйөм дей берчүмүн. Жолдошум да тамашалап «менин атаандашым – Шахрух Хан» деп, кээде үйдө отурганда мага тийишип атайын Шахрухтун киносун коюп берип, өзү башка бөлмөгө чыгып кетет.

– Маегиңе рахмат, аман-эсен көз жарып ал.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
aika2009
2012-12-24 16:44:27
бактылуу бол аман эсен коз жарып ал!!!!!!!!
0
Kurbanalieva1991
2012-12-24 18:38:04
Аман эсен коз жарып,энелик бакытка болонуп журун.
0
operaledi
2012-12-24 19:05:58
Kurbanalieva1991,
Акыркы 2 тамганы жеп койгонсузбу? ЖурунУЗ же Жур. Вааааай, кайран кыргыз тилим кор болду го
0
mahabat.
2012-12-26 21:44:42
operaledi, туура айтасыз кор кылышты. десе чычалайт анан.
0
IlyasMasirov
2012-12-27 10:55:57
operaledi, тиги тоонун аркасында ошондой суйлой беришет
0
mahabat.
2012-12-28 03:25:13
IlyasMasirov, тоонун арасында силер ушундай суйлойсунорбу.кыргыз адабияты сабагын откон эмес го булар
0
Naziwka
2012-12-24 19:34:41
smotrite,
ey po4ti 30 vyglyadet moloje 4em u4astniki super sulusu, a tem po 17 18, molodets!!!
0
saruevna
2012-12-24 22:20:40
женил толгоо жана торот каалайм. Аман эсен бошонуп ал.
0
elif.bikech
2012-12-25 02:40:00
Бактылуу болунуздар!!! Элдин асты болбой арты болбой, оортосу болунуздар!! Аман эсен эки болунуп ал!! АЛЛАХЫМ суйгон инсандардан болунуздар!!
0
altinim
2012-12-25 13:36:00
ширин ширин кыздын энеси бол!
0
Bagirra
2012-12-26 16:09:08
Жашоонун манызы эми башталат экенда...
Эне болуу кандай гана сонун, жана аны эне болгон аял заты гана тушунот...
Айнура ден соолугун бек болуп, наристенди аман эсен жарык дуйного алып келип ал..
Толгоодон эч коркпо, ымыркайын ошого татыктуу болот, колуна алганда бардык оорунун баарын унутасын..
Эх аял заты кандай гана кыйынбыз...
Бизге суйунчулоп кой, чыдамсыздык менен кутобуз....
0
Айнура Салахидинова
2013-01-02 11:14:11
Salamatsyzdarby! Sizderdin jyluu sozdorunuzdorgo rahmat!
0
№ 529, 21-27-Декабрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан