«2010-жылдын супер ыры» наамын алган «Кызыл өрүк» ырынын автору Мирлан Алыкулов ырчы Мирлан Баековдун үстүнөн Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотуна арыз жазганын айтат. Бул тууралуу автор: «Бул ырдын автору мен экенимди көпчүлүк билет. Жакында эле патенттеп алдым. Бул ыр учурда Казакстанда да хит болуп жатат. Мирлан Баеков өзүм билемдик кылып, казактын Акылбек Жеменей аттуу ырчысынан «өзүм жооп берем» деп 500 доллар алып, ырдап чыгууга уруксат бергенин мага айткан. Ошон үчүн Мирланды сотко бердим. Ал эми Акылбек Жеменейди элчилик аркылуу эл аралык сотко бергени турам. Ырымдын кайырмасын калтырып, куплеттерин өзгөртүп алыптыр, менин автордук укугумду тебеледи. Мирлан Баековдун аткаруусундагы бул ырды радиолордон алдырып жатам, жакында ушул эле максатта Алматыга да барам»,- дейт.
Бул маселе боюнча Мирлан Баеков менен байланыша албадык. «Кызыл өрүктү» популярдуу кылган Мирлан Баековдун жообун кийинки саныбызда беребиз.